Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

Орусия: Ходорковскийдин тарапташы учактан кармалды


Андрей Пивоваров

Орусияда “Ачык Орусия” демократиялык кыймылынын мурдагы аткаруучу директору Андрей Пивоваров кармалды. Аны Санкт-Петербургдан Польшага учуп жатканда кармап кетишкен.

Өткөн аптада ишмердигин токтотконун жарыялаган “Ачык Орусиянын” мурдагы аткаруучу директору Андрей Пивоваров 1-июнда Санкт-Петербургдун Пулково аэропортунда кармалды. Ал өзү билдиргендей, учак жаңы эле ордунан жылары менен токтотулуп, Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) өкүлдөрү Пивоваровду сыртка алып чыгышкан.

Окуя Польшанын LOT авиакомпаниясына караштуу "Санкт-Петербург – Варшава" каттамындагы учактын ичинде болгон. Пивоваровду дароо Орусиянын Тергөө комитетине суракка жеткиришкен.

“Ачык Орусия” уюмунун мурдагы координатору Татьяна Усманованын айтымында, Пивоваровга Орусияда “жагымсыз” деп табылган уюм менен кызматташкан деген айып коюлган.

“Ал Жазык кодексинин 284.1-беренесинин негизинде “жагымсыз уюмдар” менен кызматташкан деп шектелип жатат. Бул бизди абдан таң калтырып жатат. Анткени, биз “Ачык Орусия” уюмун бир нече күн мурун толугу менен жойгонбуз”.

Пивоваровдун адвокатынын айтымында, кылмыш иши Краснодар шаарында козголгон. Эми аны аталган шаарга алып кетишет.

Кийинчерээк Андрей Пивоваровдун тарапкерлерине, санаалаштарына жазган каты телеграмм каналына жарыяланды. Анда активист "Албетте, болуп аткан окуялардын баары кубаныч тартуулабайт. Бирок мен чөкпөйм. Силер да чөкпөгүлө. Акыркы окуя башкача көз караштагы адамдардын баарын камакка алуу планы бар экенинен кабар берет. Биз сыяктуу адамдар көпчүлүктү түзөт",-деп жазган.

Ошол эле учурда 1- майда Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Дмитрий Гудков жана "Ачык Орусия" кыймылынын мурдагы төрагасы Александр Соловьевдин үйүндө тинтүү жүргүзгөнү белгилүү болду.

Азырынча орус бийлиги демократиячыл активисттин кармалышы жана акыркы тинтүүлөр тууралуу расмий комментарий бере элек.

“Ачык Орусия” кыймылын Кремлдин башкы сынчыларынын бири, учурда Германияда жашап жүргөн мурдагы мунай магнаты Михаил Ходорковский 2000-жылдардын негиздеген. Кыймыл 2017-жылы Орусияда "жагымсыз уюмдардын" тизмесине киргизилген. Мындан соң анын активисттери бийликтин басым-кысымына туш болуп келишкен эле.

27-майда уюм Орусиядагы ишмердигин толугу менен токтотконун жарыялаган. Анда Андрей Пивоваров мындай кадамга тарапкерлерин бийликтин куугунтугунан куткаруу үчүн барганы менен түшүндүргөн болчу.

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

Ал учурда Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков уюмдун жабылышы "саясий талааны тазалоо аракети" деп айтууга эч кандай негиз жок экенин билдирген эле.

“Бизде саясий талаа “Ачык Орусия” менен эле чектелбейт. Ал абдан бай жана көп түрдүү. Ошондуктан, кимдир бирөөнүн кетиши саясий талааны тазалоо дегенди түшүндүрбөйт”.

Орусияда 2015-жылы “дурус эмес уюмдар” жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, мындай тизмеге кирген уюмдар жана алар менен кызматташкан адамдар административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Бул мыйзамдын негизги максаты бейөкмөт уюмдарга басымды күчөтүү болгонун адистер айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG