Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Орусия: "Тажадык" акциясына катышкандар кармалды


Дарья Кулакованы полиция кармап баратат. 29-август
Дарья Кулакованы полиция кармап баратат. 29-август

30-апрелде Казан шаарынын соту “Ачык Орусия” кыймылынын активистин он күнгө камоо чечимин кабыл алды.

23 жаштагы Дарья Кулакова ишемби күнкү нааразылык акциясы маалында президент Владимир Путинди төртүнчү мөөнөт үчүн ат салышпоого үндөгөн кайрылуу - каттарды чогултуп жүргөн жеринен кармалган. Активистке тартип коргоо органдарына баш ийбөө жана митинг өткөрүү эрежесин бузуу айыбы тагылды. 29-апрель күнү Орусиянын бир катар шаарларында “Тажадык” деген акциянын 30дай катышуучусу кармалганын иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Мурдагы олигарх Михаил Ходорковскийдин "Ачык Орусия" кыймылы нааразылык акциясын 31 шаарда өткөрүүнү пландаган. Активисттер президенттин кабылдамаларына Владимир Путинден 2018-жылкы шайлоодо төртүнчү мөөнөт үчүн ат салышпоо талабы коюлган кайрылууларды алып келишмек. Айрым жерлерде бийликтегилер аларга уруксат берген.

- Акция макулдашылган шаарларда ураан-плакаттарды, микрофондорду көтөрүп чыгышат. Ал эми уруксат берилбеген жерлерде жөн гана президентке кайрылууларын алып келишет, - деген Ходорковский.

Михаил Ходорковский.
Михаил Ходорковский.

Татарстандын борборунда кыймыл өкүлдөрүнүн митинг өткөрүү арызы четке кагылгандыктан, активисттер Кремлдин Казандагы аймактык кабылдамасына президентке каттарды тапшырууну чечишкен. Путинди 2018-жылкы шайлоого катышпоого үндөгөн кайрылуулар салынган кутучаны жеткирип бараткан Кулакова жана дагы бир активист Ляйсан Исмагилованы тартип коргоочулар кармап кеткен.

Полиция Кулакова “санкцияланбаган коомдук иш-чараны – азыркы бийликтин саясатына каршы талаптар коюлган каттарды президенттин кабылдамасына тапшырууну уюштурган” деп айыптады.

Исмагилова соттун чечими менен 36 сааттык коомдук иштерге тартылды.

Кулакованын адвокаты Путиндин кабылдамасына каттарды тапшыруу – митинг же демонстрация болуп эсептелбесин айтып, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз берди.

Чебоксарыдагы акциянын катышуучулары.
Чебоксарыдагы акциянын катышуучулары.

Ал эми анын алдында, 26-апрелде “Ачык Орусия” кыймылынын жергиликтүү координатору Илья Новиков жана активист Эмиль Гараевди ишемби күнкү акцияга катышууга үндөгөн баракчаларды тараткандыгы үчүн Казан калаасынын соту беш күнгө камаган.

Москва шаарынын мэриясы иш-чарага уруксат бербей, бирок Путинге кайрылуу тапшырууга келген активисттерге полиция тоскоол болгон жок.

- Мага бул акцияга катышууга биздин президенттин ички саясаты гана эмес, тышкы саясаттагы айрым иш-аракеттерине нааразылык түрткү берди. Биз дүйнөдөгү бардык өлкөлөр менен талашып-тартышып келатабыз. Орусия эч ким менен батыша албаган өлкөгө айланып калды, - деди борбор шаардагы акциянын катышуучусу Илья.

“Ачык Орусиянын” төрагасы Александр Соловьевдун айтымында, бул акция менен Владимир Путин бийликте турган 17 жыл ичинде көйгөлөр чечилбей келатканына көңүл бурдурууну көздөгөн.

Путин менен Медведев.
Путин менен Медведев.

Акциянын алдында кыймылдын Москвадагы кеңсесинде тинтүү жүрүп, тартип коргоочулар «айрым документтерди алып кетүүгө» келишкенин айтышкан. Кыймылдын кызматкерлери жеке ноутбуктарын, 29-апрелге даярдалып жаткан баракчалар алынып кеткенин айтып беришкен. Ошол маалда кеңседе жүргөн адвокаттарды тинтүү учурунда ичине киргизбей, протоколдор менен таанышууга уруксат берилген эмес.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматы кабарлагандай, тартип коргоочулар кыймылдын штабында тыюу салынган адабият бар деген маалымат түшкөндүктөн, ушундай аракет көрүлгөнүн айтышкан.

27-апрелде орусиянын Юстиция министрлиги Башкы прокуратуранын талабы менен Британияда катталган «Ачык Орусияны» «ыңгайсыз» уюмдардын тизмесине киргизген.

Буга чейин 26-мартта Орусиянын 80ден көп шаарында «Ал силерге Димон эмес» деген ири акция өткөн. Анда рекорддук сандагы бир жарым миңдей киши кармалган. Ал ирет элдин чыгууларына премьер-министр Дмитрий Медведевдин мыйзамсыз жолдор менен топтолгон делген байлыгын ашкерелеген тасма себеп болгон. Өкмөт башчы дээрлик бир айдан кийин Алексей Навальныйдын фонду жүргүзгөн иликтөөнү “болбогон кеп” деп атады.

Акыркы жылдары Орусияда митинг-демонстрациялар, башка нааразылык иш-чаралары боюнча мыйзамдар күчөтүлүүдө. Бийлик мындай кадамдарын жергиликтүү тургандардын күнүмдүк тынч жашоосун камсыздоо аракети менен түшүндүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG