Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 09:36

Ибрагимов казынага миллиондорду эмнеге төктү?


Сергей Ибрагимов. Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты.

УКМК мурдагы депутат, ишкер Сергей Ибрагимовдун бизнесин текшерип, салыкты жашырууга байланыштуу дооматтар ырасталбаганын билдирди. Бирок Ибрагимов өз ыктыяры менен казынага 100 млн. сом төгүп берген. Айыбы аныкталбаган, марттык менен мамлекет казынасын колдогон Сергей Ибрагимов деген ким?

Сергей Ибрагимов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маалында кирешелүү тармактарды колуна алып, бул үчүн 2010-жылдан кийин анын бир топ ишканалары улутташтырылган. Көп өтпөй эле бизнес ээликтерин кайра өзүнө кайтарып алганы белгилүү.

Марттыктын шарты белгисиз

Бирок экс-депутат бюджетке өз ыктыяры менен 100 миллион сом бергени белгиленди. Атайын кызмат ага карата кайсы иш боюнча иликтөө жүргөнүн кенен маалымдаган эмес. Ал 2017-жылы өлкөдөгү эң бай 100 адамдын тизмесинде 9-орунда турганы жарыяланган.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев кылмыш иши бар же жок экенине карабай, ар бир ишкер казынаны колдоого салым кошууга акылуу деп эсептейт.

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

«Ал кишиге карата эмне боюнча иш козголгонун же козголбогонун айтуу кыйын. Бирок анын өз ыктыяры менен мамлекеттик казынаны колдоп, жардам берип, акча төлөп берип жатканы - анын жеке укугу. Ушул өлкөдө ири ишкерлик менен алектенип, салык төлөп келген ар бир эле ишкер ушундай учурда бюджетти колдоп, өз ыктыяры менен акча төлөгөнү бул - анын жарандык позициясы. Ал эми ага мурда иш козголуп-козголбогону экинчи маселе. Азыр өлкөнүн кумшекер рыногу эркин. Эч кандай монополия жок. Анткени, ЕАЭБ уюмуна кирип, Бажы союзу иштей баштагандан бери ар бир эле ишкер ошол уюмга кирген өлкөлөрдөн кумшекер ташып, алып келгенге укугу бар. Мен ал кишинин кант заводдоруна кандай тиешеси бар экенин билбейт экем. Менин билишимче, бул эки завод азыр башка адамдарга карайт».

Буга чейин Жазык кодексине ылайык, тергөө менен кызматташуу деген шарт азыр "акчасын төлөп берип, жазадан кутулуу ыкмасы катары чечмеленип калган. Мындай аракет эл арасында "кустуруу" деген ат менен белгилүү.

Сергей Ибрагимов "Бакай" банкынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп саналат.

Ага караштуу компаниялар тобу 2008-жылы “Кайыңды-Кант” жана “Кошой” кант заводдоруна ээлик кылып, Беларустан кумшекер ташуу укугун алып, өлкөнүн кант рыногуна жалгыз ээлик кылып калганы сөз болгон. Кумшекер ташып келүү ишкердигинен түшкөн кирешенин 30% үлүшүнө Максим Бакиев ээлик кылганы аталган эки компанияны улутташтыруу учурунда аныкталган.

2013-жылы Экономика министрлиги кант камышынан даярдалган кумшекерди сырттан ташууга 30% пошлина киргизүүнү сунуштаган. Мындай токтом долбоорун министрлик жергиликтүү кызылчачылардын кызыкчылыгын коргоо менен негиздеген. Бирок кант рыногунун башка оюнчулары муну «Беларус канты» компаниясынын монополиясын кайра орнотуу катары кабыл алышкан.

Анын 2011-жылы рыноктогу монополисттик абалын сактап калууга жасаган аракеттери тууралуу кант керектөөчүлөр бирлигинин президенти Эрлан Жузупов мынтип айткан жайы бар:

Кумшекердин монополиясын толук киргизүү үчүн Экономика министрлиги ушул токтомду көтөрүп чыккан. Министрлик өзүнүн кеңешмесинде кызыкдар тарапты гана чакырып, башка жактардын пикирин сурап койгон эмес. Кызылчачылар менен өндүрүшчүлөр дегени менен, мунун артында “Кайыңды-Канттын” алдында түзүлгөн “Беларус кант компаниясы” турат. Анын кызыкчылыгы үчүн бул иштин бардыгы жасалып жатат. Мурда бул тармакта Максим Бакиев үлүшкө отурса, азыр буларды колдоп жатканынан экономика министри менен айрым депутаттар мурдагы схеманын ордун бастыбы деген ой кетет. Бул монополисттер кызылчачыларды мурда эле колдобойт беле? Булар өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн гана бийлик өкүлдөрүн сатып алып, иш алып барышууда".

Ыңкылаптан кийинки кадамдар

Парламенттин ошол кездеги экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде аталган ишкер чөйрө 2010-жылдын 7-апрелине чейин өлкөнүн кумшекер рыногун кармап, канттын баасын каалагандай калчаганы талкууланган.

Эрлан Жузупов Сергей Ибрагимовго караштуу ишкер чөйрө 2011-жылдан кийин дагы “Беларус канты" компаниясы аркылуу рыноктун кайсы бир бөлүгүн көзөмөлдөп калууга жетишкенин билдирди:

"Аталган ишкер чөйрө 2010-жылга чейин кумшекер рыногунда толук монополияны колго алышып, ошол кезде Максим Бакиевге тиешелүү үлүшүн чыгарып берип турушкан. Кийин бул схема кыйрагандан соң “Кайыңды-Кант” менен “Кошой” Беларустун кумшекерин дүңүнөн сатып алуу укугуна ээ болушту. Анткени, ал эки ишкана “Беларустун кант компаниясын” түзүп, азык-түлүк өндүрүш тармагы сөз болуп жаткан компанияга гана эксклюзивдүү канал ачып берген. Башка бир дагы кыргызстандык кумшекер ташуучуларга алар товар сатпайт. Ошону менен алар 60% чукул рынокту колдон чыгарбай кармап калышкан. Эми болсо тигил токтомдун көмүскө шарттары ишке ашса, Сергей Ибрагимов башында тургандарга Кыргызстанда 100% монополия орнотууга мүмкүнчүлүк болгону турат".

Улутташтырылып, кайра ээлерине кайтарылган мүлктөр

Башында, 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Сергей Ибрагимовго таандык делген “Кайыңды-Кант” жана “Кошой” кант заводдору улутташтырылган мүлктөрдүн тизмесине киргизилген. Бирок кийин мезгилдүү басма сөзгө Убактылуу өкмөт улутташтырган эки заводдун бир бөлүгүн 2011-жылдан кийин кайра мурдагы кожоюндары сатып алганы тууралуу маалыматтар чыккан.

Парламенттин тиешелүү комитетинин ошол кездеги төрагасы Карганбек Самаков жагдай боюнча буларга токтолгон болчу:

Карганбек Самаков.
Карганбек Самаков.

“Ак жол” партиясынан депутат болгон Сергей Ибрагимов муну Бакиевдердин колдоосу менен сатып алганы белгилүү. Анан кумшекер ташып келүү каналын кошо алып, миллиондогон киреше түшүп турган. Азыр эми аталган ишкер чөйрө беларус компаниясын түзүп алып, ага биздин айрым министрлер менен депутаттар үлүштө отурушканы боюнча маалымат бизге да келип түштү. Учурунда кант заводдорунун тиешелүү бөлүгү Максимдердин карамагында болгон деп улутташтырылып, бирок ошол эле кожоюндары арзыбаган баада кайра өздөрүнө сатып алышкан экен. Бул жерде азыркы бийликтин өкүлдөрү аралашканы көрүнүп турат. Биз бул фактыларды иликтеп чыгып, тактап туруп прокуратура органдарына тапшырабыз. Бул ишти иликтөө боюнча биздин комитеттин алдында жумушчу топ түзүлгөн”.

Сергей Ибрагимов Жогорку Кеңештин экс-депутаты болгонуна карабастан, маалымат каражаттары менен байланышты анча жактыра бербеген ишкер катары белгилүү. Андан бир нече курдай комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан эмес.

Жокко чыккан токтом долбоору

Кыргызстандын кумшекерге керектөөсү жылына 115 миң тоннаны түзсө, анын жарымынан ашуунун “Кайыңды-Кант” жана “Кошой” компаниялары камсыздап келген. Алар жергиликтүү кант кызылчасын эле иштетпестен, кумшекерди Беларустан ташып келүү укугуна да жалгыз ээ болгону сынга алынган. 2013-жылы Монополияга каршы агенттигинин статс-катчысы Айбек Мамыралиев жогорудагы токтом долбоорун четке каккан корутунду чыгарган:

“Биздин максат - атаандаштыкты камсыздап, кайсы бир тараптын үстөмдүгүнө жол бербөө. Мыйзам боюнча өзүнүн товары менен рыноктун 35% камсыздап алган компания монополист деп эсептелет. Учурда кумшекер ташуучу компанияны моноплист деп таануу боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Ошон үчүн Экономика министрлиги сунуштаган токтомго да каршы чыгып, кызыкдар тараптын гана кызыкчылыгын камсыздайт деп корутунду чыгарганбыз. Ошол шарттар киргизиле турган болсо, кумшекерге болгон баа кескин кымбаттап кетиши мүмкүн”.

Ал эми ошол учурдагы Экономика министрлиги Сергей Ибрагимовдун кызыкчылыгын колдогон токтом долбоорун даярдаганы тууралуу министрликке карата айтылып жаткан дооматтарды четке какты. Бул жерде "кайсы бир компаниянын кызыкчылыгы эмес, жергиликтүү өндүрүштү көтөрүү демилгеси турат" деп жазылган мекеменин түшүндүрмөсүндө. Ал эми министрликтин адистери "чийки зат кайдан чыкса, товар ошол жактыкы деп таанылган эреже эл аралык шартнаама" деген пикирди карманышкан.

Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев аталган токтомдо кумшекер ташыган компаниялардын бирине артыкчылык бере турган шарттар жок болчу деген оюн ортого салды:

Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

"Биз даярдаган токтом долбоору болобу же мыйзам долбоорубу, ал кайсы бир тараптын кызыкчылыгы үчүн болушу мүмкүн эмес. Анткени, ал даярдалып жатканда эле экспертизадан өтүп, ошого карата сунушталат. Бул жерде кандайдыр бир түшүнбөстүк болуп жатат окшойт. Мындай дооматтан улам, буга байланыштуу мыйзам долбоорун кароо кийинкиге калтырылды. Маселени биздин министрлик кайрадан карап чыгып туруп, жергиликтүү өндүрүшчүлөр менен кызылча өстүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоого багытталган чараларды кайрадан сунуштайбыз".

Кыргызстанда жергиликтүү кызылчадан даярдалган кумшекер жалпы калктын керектөөсүнүн 10-15% гана жабат. Анын калган бөлүгү Беларус, Украинадан, Казакстандан жана Орусиядан ташылып келет. Кумшекердин негизги бөлүгү 2008-жылдан 2010-жылга чейин Беларустан гана ташылып турган.

Чырмалышкан байланыштар

Буга чейин, 2020-жылы 14-декабрда “Азаттык” радиосу, OCCRP, Kloop жана Bellingcat биргеликте жүргүзгөн иликтөөдө Ысык-Көлдүн жээгиндеги менчик эс алуу жайы - кыргыз бажысынын мурдагы аткаминери Райымбек Матраимов менен кылмыш дүйнөсүнүн анабашы деген Камчыбек Көлбаевдин байланыштары изилдөөгө алынган. Экс-бажычынын жубайы Тургунованын Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Каганат» эс алуу жайында түшкөн сүрөттөрүнөн кабарчылар ал кайсы коттежде токтогонун аныкташкан.

Расмий жер каттоонун документтери көргөзгөндөй, бул жай «Имиджстрой» курулуш компаниясына таандык. Бирок ал жердеги имараттарды курган компания бир нече коттежге жашыруун соода келишиминин же атайын контракттын негизинде ээлик кылып калгандай.

«Имиджстройдун» ээси, мурдагы депутат, ишкер Сергей Ибрагимов аталган коттеждер кимдерге берилгени тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан.

Мамлекеттик казынага 100 млн. сом өз ыктыяры менен төгүп бергени жарыяланган экс-депутат Сергей Ибрагимовдун ысымы 2011-жылы "Бакай" банкын улутташтырылган мүлктөрдүн тизмесинен чыгарганда дагы аталган. Ага караштуу компания Бишкектеги «Шампан» комбинатына дагы ээлик кылары айтылып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG