Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:27

Кумтөр: Өмүрбек Бабанов кармалды


Өмүрбек Бабанов.

Мурдагы премьер-министр, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бабанов Кумтөр ишине байланыштуу кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага кенди иштетүүдөгү коррупцияга байланыштуу айып койду.

Ушул күндөрү дагы бир нече аткаминер сурак берип жатат. Мурдараак атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев кендин айланасындагы иликтөөнүн алкагында бир нече киши камакка алынарын эскерткен эле.

Бабановдун кармалышы

Алгач Өмүрбек Бабанов УКМКга 31-май күнү суракка киргени кабарланып, кечке чукулдап калганда кармалганы тууралуу расмий маалымат чыкты.

Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Назгүл Кыдыралиева “Азаттыкка” буларды билдирди:

“Кумтөр” кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактылар туралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда. Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) фактысы боюнча кылмышка шектүү делип мурдагы премьер-министр Ө.Бабанов кармалды. КРнын УКМКсы бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымдап турат”.

Атайын кызматтын артынан эле Өмүрбек Бабановдун адвокаты Амантур Абдырахманов да билдирүү таратып, ага коюлган айыптар негизсиз экенин маалымдады.

“Өмүрбек Бабановго каршы Кумтөргө байланыштуу эч кандай күмөн болбошу керек, анткени ал мыйзамга каршы келген аракеттерге барган эмес. Бүгүнкү суракта Өмүрбек Бабановду ал премьер-министр болуп турган учурдагы Кумтөр маселеси боюнча учкай гана сурашты. Ага коюлган айыптоонун мазмунун түшүндүрүшкөн жок. Шектүү катары кабарлама да беришкен жок. Ошондуктан Өмүрбек Бабанов да, анын адвокаты катары мен дагы, аны эмнеге айыптап жатышканын жана эмне үчүн кармашканын түшүнбөй турабыз”.

Быйыл февралда түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров "канадалык компания менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзгөн, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы шарттарды макулдашкан" өлкөнүн мурдагы жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо демилгесин көтөргөн.

Ал канадалык компанияга ар түркүн артыкчылыктар жана салык жеңилдиктери берилип, пайданы бөлүшүүдө кыргыз тараптын кызыкчылыгына “чыккынчылык жасалган” учурлар аныкталганын айтты.

“Мурдагы өлкө башчылары менен мурдагы өкмөт башчыларынын аракеттери мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келип, анда чыккынчылыктын белгилери болгон. Бул жагдайлардын ар бирине өз-өзүнчө укуктук баа берилүүгө тийиш. Башынан баштап, буга чейинки бардык келишимдер менен концессиялык макулдашууларды кабыл алуунун натыйжасында канадалык компанияга салык жеңилдиктери жана ар кандай артыкчылыктар берилип, кыргыз тарапка оңой эмес зыян келтирилген”, – деген Жапаров.

Ал "Кумтөр" долбоору боюнча 1992-жылдагы алгачкы келишим Кыргызстан жаңыдан гана эгемендик алган учурга туура келип, андагы жаш мамлекеттин башчысы Аскар Акаевдин тажрыйбасыздыгын эске алууга болорун, бирок 2003-жылы кен Кыргызстанга өтө турган мезгилде ошол кездеги президенттин “Кумтөрдү” башкаруу укугун толугу менен “Центеррага” бергенин түшүнүү кыйын экенин айтты.

Мындан кийин эле атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш иштеринде аты аталган аткаминерлер суракка чакырыларын билдирген болчу. Парламенттин 17-майдагы кезексиз жыйынында Ташиев мына буларга токтолгон:

“Кумтөргө байланыштуу төрт кылмыш иши бар экенин эскерте кетейин. Мунун биринчиси “Кумтөр Голд” компаниясынын жетекчилерине байланыштуу, калган үч кылмыш иши болсо кызматтык кылмыштар. Буга ошол учурда эң жогорку кызматты ээлеп турган адамдар кирет, тагырагы бир нече экс-премьер-министр, депутаттар жана башкалар кирет. Бизде керек болсо ошол учурда Кумтөрдөн финансылык колдоо алган бир нече депутаттар жөнүндө материалдар бар. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азыр фамилияларын ачык айтпайбыз. Бирок бүгүн токтом кабыл алынса эртеңден баштап бул адамдарды тергөөгө чакыра баштайбыз. Ачык айтыш керек, кээ бирлерин эртеңден баштап жоопко тарта баштайбыз, алар мамлекеттен чыгып кетпеши үчүн”, -деген эле.

Атайын кызмат Кумтөргө байланыштуу бир нече кылмыш ишин тергеп жатат. Алар: Жаратылыш ресурстарына байланыштуу мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана башка бир топ кызмат адамдары, депутаттар коррупция үчүн айыпталып жаткан иш, Жети-Өгүз райондук администрациясы айыл чарба жерлерин бөлүп берүүдө 390 миллион сомдук зыян келтиргени боюнча иш, Салык кызматы менен Социалдык фонд аркылуу мамлекетке түшпөй калган 1,5 миллиард сом боюнча жана “Кумтөр Голддун” жетекчилеринин экологияга келтирилген зыян боюнча чечимдерине байланыштуу иштер.

Мына ушундан кийин эле мамлекеттик мурдагы жетекчилердин бир нечеси суракка чакырылган. 27-майда мурдагы премьер-министр Темир Сариев сурак берсе, 31-майдай экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдон сырткары парламенттин мурдагы төрагасы, депутат Асылбек Жээнбеков жана депутат Төрөбай Зулпукаров сурак берип жатканы маалым болду.

Ушул эле иш боюнча мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов жана экс-депутат Исхак Пирматов да УКМКда сурак берип жатат.

Эски фактылар

Өмүрбек Бабановдун ысымы Кумтөргө бир жерден байланышат. Анын баяны мындай.

2009-жылы 6-июнда “Центерра Голд” менен концессиялык макулдашууну бекитүүгө бир күн калганда ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудиновдун Кумтөргө жакын жайгашкан “Сары-Чат-Ээр-Таш” мамлекеттик коругунун түштүк-батыш чек арасын өзгөртүү жөнүндөгү өкмөттүн №365 токтому чыккан.

Анда "мамлекеттик коруктун чек арасын өзгөртүү геологиялык чалгындоо жана кен казуу иштерин андан ары өнүктүрүү максатында” деп ачык эле эле көрсөтүлгөн. Тагыраагы концессиялык аянтты 10 070 гектар болсо аны дагы 16 миң гектарга көбөйтүү жагы макулдашылган.

2010-жылы 25-мартта премьер-министр Данияр Үсөнов “Кумтөр” алтын кен долбоору үчүн кошумча жер аянттарын бөлүп берүү боюнча өкмөттүн №168-токтомуна кол коёт. Анда 2009-жылдын 6-июнундагы “Центерра Голд” менен түзүлгөн концессиялык макулдашууга ылайык, “Кумтөргө” 1994-жылы берилген 10 070 гектар жерге жаңы 16 330 гектар жер аянты кошуп берилгени көрсөтүлгөн. Ошентип, “Кумтөрдүн” жалпы концессиялык жер аянты жалпысынан 26 миң гектарды түзөрү белгиленген.

Жер аянттарын берүүдөгү мыйзам бузууларды таап чыккан депутаттык комиссиянын 2012-жылдагы тыянагынын негизинде Жогорку Кеңеш Чудинов менен Үсөновдун жогоруда айтылган токтомдорун жокко чыгаруу талабы менен өкмөткө сунуштама киргизген.

Ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабанов 2010-жылы Үсөнов кол койгон токтомду жокко чыгарып, бирок Чудиновдун токтомун калтырып койгон.

“Центерра Голд” компаниясында кыргыз тараптан көрсөтүлгөн директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасынын экс-орун басары Карыбек Ибраев иштин чоо-жайын мурдараак мындайча чечмелеген:

“2009-жылы Жогорку Кеңеш бекиткен макулдашууда ошол жер аянттары берилсин деп турат. Ошонун негизинде кошумча жер аянттары берилген. Бирок 2010-жылы өкмөт мына ошол жерди берүү тууралуу токтом чыгарган. 2012-жылы кайра аны кайтарып алуу боюнча маселе көтөрүлгөнү менен аталган токтом жокко чыккан эмес. Бирок Жер кодексинин негизинде мына ошол жер аянттары берилди”.

Дагы башка жагдай, Бабанов премьер-министр болуп турган учурунда 2012-жылы “Ала-Тоо финанс” деп аталган мамлекеттик чакан кредиттөө компаниясын ачкан. Ал Кумтөр кенинен түшкөн акчага каржыланып, анын ишмердүүлүгү кийин бир топ суроо жараткан. Соңку кармоо боюнча талдоочу Орозбек Молдалиев мындайча ой бөлүштү:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

“Ташиев “Кумтөргө байланыштуу бир нече аткаминер суракка чакырылат” деп, аттарын атаган жок. Ал тергөөнүн кызыкчылыгы деп айтпаганы деле туура деңизчи, бирок ошолордун жоопкерчилиги жазылган соңку мамлекеттик комиссиянын корутундусу ачык жарыяланышы керек болчу. Ал жерде кимдер иштегенин эл деле билет да. Бизде 30дай премьер-министр алмашты, ошонун көбүнүн эле тиешеси болушу мүмкүн. Бирок бизде кайсы бир факт боюнча кылмыш иши козголгондо, күркүрөтүп эле, катар-катар суракка чакыруу башталат, бир нечеси камалат. Интервьюлар берилет, жалпыга маалымдоо каражаттарынан байма-бай айтылат. Мына, коррупция менен катуу күрөш жүрүп жатат дегенден кийин эле, кармалган кишилери кайра чекеден бошойт. Же тергөө менен кызматташуу же айыппул төлөө менен чыгып кетет. Акырындап басаңдап барып эле, иш эмне менен бүткөнү белгисиз болуп калууда. Макул, мамлекетке келтирген зыянды төлөсүн, бирок башкалар да ошондой кылмыш кылбашы үчүн ал киши сабак катары жазасын алыш керек эле да. Тилекке каршы, бул жолу да ошондой болуп калбайбы деген күмөн ой бар”.

2011-2012-жылдары премьер-министр кызматын аркалаган Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы эң таасирлүү саясатчылардын жана бай адамдардын бири. 2009-жылы Курманбек Бакиевдин тушунда ал вице-премьер-министр болуп иштеген.

Анын "Республика" партиясы 2010 жана 2015-жылдары парламенттик шайлоого катышып, Жогорку Кеңешке келген.

Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго башкы атаандаш болуп, күрөшкө чыкканда бир нече кылмыш иши козголгон. Анын айынан саясий дымагы күчтүү Бабанов «Республика» партиясынын лидерлигинен кеткенин жарыялаган.

Өмүрбек Бабанов быйылкы президенттик шайлоого катышпай, Садыр Жапаров баштаган бийликти колдой турганын билдирген.

Быйыл мартта бюджетти колдоо боюнча депозиттик эсепке 100 миллион сом которуп берген. Ошол эле учурда ага мурдагы бийликтердин тушунда козголгон иштер боюнча жүрүп жаткан териштирүүлөр токтотулган.

Бабановго каршы иштерди тергеген УКМК Бабановдун жана анын туугандарынын мамлекетке да, ишканалар менен жарандарга да тийгизген зыяны тууралуу фактылар жок болгондуктан иш жабылганын кабарлаган.

14-майда Жогорку Кеңеш өлкөдөгү эң чоң алтын кенди казган "Кумтөр Голд Компаниге" сырттан башкаруу киргизген. 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн канадалык "Центерра Голд" компаниясын мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG