Линктер

шейшемби, 15-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:11

Дыйкандар кант кызылчасынан күйдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Ысык-Ата районунда дыйкандар «Кайыңды-Кант» заводу келишимди бузуп жатканын айтып чыгышты.

Чүйдүн талааларында кант кызылчасын жыйнап-терүү убагы башталды. Бирок быйылкы түшүмүн чогултуп жаткан дыйкандардын маанайы суз. Алар завод буга чейин кабыл алынган түшүмдүн 40% акчалай, калганын кумшекер менен берсе, быйыл 28% гана акча түрүндө бермей болгонун айтышууда. Завод өкүлдөрү муну өлкөгө импорттолгон кумшекердин көптүгү жана анын арзандашы менен түшүндүрүштү.

Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылынын тургуну Рустам Садыгалиев 20 гектар кант кызылчасын өстүргөн соң жылы бою кетирген эмгеги акталбай жатканына кейиди:

- Мына, мен үч гектарды жыйноого эле 270 миң сом короттум. Андан тышкары насыям да бар. Дыйкандардын баары артка кеттик. Бул чыгымдарды кантип жапсак болорун билбейм. Мен күнүнө иштеген жумушчуларга 600-700 сом төлөйм.

Чүйдүн Ысык-Ата районунун айылдарында кант кызылчасы кирешенин негизги булагы болуп эсептелет. Мында жыйналган тушүм анча алыс эмес жайгашкан «Кайыңды-Кант» заводунун кызылча кабыл алуу пунктуна өткөрүлөт. Дыйкандардын айтымында, быйыл ишкана аларга акчалай төлөмдү 40 пайыздан 28 пайызга түшүрдү.

19-сентябрда Чүйдүн Ысык-Ата районунда 20дай дыйкан «Кайыңды-Кант» заводу келишимди бузуп жатканын айтып чыкты. Алардын бири Нарис Сопоновдун сөзүнө караганда, завод бир канча жылдан бери келишимди өз кызыкчылыгына жараша өзгөртүп келет.

- Мурда 50 тоннанын жарымын акча менен берип калганын кумшекер менен беришчү. Азыр көбүн кумшекер менен берип жатышат, - деди ал.

Завод менен дыйкандардын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык ишкана шарттуу түрдө бир гектардан 50 тонна түшүм чыгат деп белгилеп алган. Ага ылайык, 50 тоннанын 40% же башкача айтканда 20 тоннасын акчалай, калганын кумшекер менен бериши керек эле. Ошондо бир тоннасы үчүн дыйкан колуна 3200 сом жана 76 кг кумшекер алмак.

Мындан тышкары дыйкандар жыйналган түшүмдүн 8,5% негизсиз эле чыгынды катары кыскартыларын жана натура катары берилген кумшекерди да кайра завод арзан баада сатып аларын билдиришти. Алар мындай көрүнүштөр кант кызылчасын өстүрүүдө жолтоо болуп, айрымдар «аны эмки жылы өстүрбөйбүз» деп жатканын да кошумчалашты.

- Бул кайра эле жумушсуздукка алып келет, - деди дыйкандардын бири. - Өкмөт тескерисинче бизге шарт түзүп бериши керек эле. Иш жүзүндө башкача болуп жатат...

Өлкө боюнча кант кызылчасын кабыл алуучу 9 пункт бар. Алар түшүмдү «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» заводуна жиберишет. Алардын ар бири күнүнө 1000 тоннанын тегерегинде кызылча кабыл алат. «Кайыңды-Кант» заводунун кабыл алуу түйүнүнүн башчысы Бактыгүл Шагайбаева келишимдеги өзгөртүүлөрдү заводдогу оор каржылык абал менен түшүндүрдү:

- Биз дыйкандарга бул убактылуу гана маселелер экенин айтып жатабыз. Акчалай төлөмдүн азайышына завод алган насыялар жана Кыргызстанга сырттан келген кумшекер импортунун көбөйүшү, анын баасынын түшүп кетиши себеп болууда. Азырынча завод бул маселени өзү чечүүдө алсыздык кылып жатат. Менимче өкмөт киришип түшүндүрүү иштерин жүргүзүп же биздин заводдорго өлкө калкын толугу менен кумшекер менен камсыз кылууга уруксат бериши керек болот.

Кыргызстанда кант кызылчасын иштетүүчү «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» заводдору бар. Алар союз кезинде бир эле Кыргызстанды эмес, Орто Азиядагы башка мамлекеттерди да кумшекер менен камсыз кылып келсе, «Кошой» заводу өндүрүштүн жоктугунан 2004-жылдан бери иштебей токтоп турган. «Кошой» кант заводу эки жыл мурда Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык жардамы менен кайра ишке кирген. Бул ишканага аталган фонд 10 млн. доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берсе, «Кайыңды-Кант» заводуна 5,5 млн. доллар берилген.

Кыргызстан жылына болжол менен 100-120 миң тонна кант керектейт. «Кайыңды-Кант» заводу өндүргөн кумшекер ички керектөөнү камсыз кыла албай, Беларустан, Украинадан, Казакстандан жана Орусиядан кумшекер ташып келет. Монополияга каршы агенттиктин өкүлү Сагынбек Маматоморов эки завод ички рынокто доминант экенин жана ал Монополияга каршы агенттиктин көзөмөлүнөн чыкканын айтты:

Биз алардын баа саясатына кийлигише албайбыз.

- Бул заводдор биздин рынокто монополист эмес, доминант болуп эсептелет. Ошондон улам биз алардын баа саясатына кийлигише албайбыз. Ал эми Бажы биримдигине киргенден баштап ал өлкөлөрдөн ташылып келген азыктарга, кумшекерге атайын бажы төлөмдөрү каралган. Ал 33 сомду түзөт.

Аз күн мурда Сокулуктагы «Кошой» заводунун түйүндөрүндө да дыйкандар келишимдеги жаңы өзгөртүүлөргө каршы нааразылыгын айтып чыгышкан. Жылына өлкө боюнча 11 миң гектарга кызылча себилип, 600 миң тоннанын тегерегинде түшүм терилет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (29)

XS
SM
MD
LG