Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:14

Акчага айырбашталган жаза


Кубанычбек Жумалиев, Райымбек Матраимов жана Марат Аманкулов. (коллаж)

Бийлик алмашкан октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанда тергөө менен кызматташуу ыкмасы кеңири колдонулуп жатат. Коррупция, мыйзамсыз баюу сыяктуу беренелер менен кылмыш иши козголгондордун камалгандан чыкканы бат болууда. Мындай көрүнүш эл арасында “кустуруу” деген аталышка ээ болду.

Тергөө менен кызматташууга барып, акча төлөп камактан бошотулгандардын көпчүлүгүнүн ишине сот өкүмү чыга элек.

Ал эми иши сотко жеткендерге коюлган беренелерине карабастан бирдей өкүм чыгууда. Мисалы, тергөө менен кызматташууга барып 2 млрд. сом төлөп берген, “Коррупция” беренеси менен күнөөлүү деп табылган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго дагы “Опузалап акча талап кылуу” беренеси менен кармалган Улан Жураевге дагы, сот тергөө менен кызматташкандыгын эске алуу менен 260 миң сомдон айыппул салган.

Тергөө менен кызматташууга баргандар

“Кустуруу” ишин октябрь окуяларынан кийин бийликке келген саясий топтун эң таасирдүү өкүлү Камчыбек Ташиев жетектеген Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) жүргүзүүдө. Ал март айында Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып коррупция, мыйзамсыз баюу беренелери менен камалгандар 4 млрд. сомдон ашык акча бюджетке төккөнүн билдирген.


Кылмыш иши козголгондордон мурдагы бажычы Райымбек Матраимов 2 млрд. сом, мурдагы депутаттар Кубанычбек Жумалиев 1 млрд. сом, Марат Аманкулов 50 млн. сом, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев 100 млн. сом, Жогорку соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиев 70 миллион сом, Финансы полициясынын мурдагы төрагасы Бакир Таиров 20 млн.сом, орун басары Эмил Жамгырчиев 20 млн.сом, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурунку жетекчиси (Ю.Б.К.) 11,7 млн. сом, Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев 1 млн. сом, Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев 2,5 млн. сом, Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов 1 млн. 33 миң 700 сом, кримтөбөл Камчы Көлбаев 50 млн. сомдой төлөп берип, абактан чыгышкан.


Ал эми мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов мамлекетке жардам катары 100 млн. сом берди. Ага удаалаш эле анын кылмыш иштери токтотулган.

Күмөн жараткан кызматташтык

Кыргызстанда 2019-жылы бир катар кодекстер жаңыланган. Ага ылайык, айыптоочу жана жактоочу тараптар кызматташуу тууралуу процессуалдык келишим түзүп, жаза жумшартылат. Кылмышка шектүү тарап бул үчүн тергөөгө жардамдашып, башка шектүүлөр тууралуу маалымат берүү милдетин алат.

Акыйкатчы Токон Мамытов тергөө менен кызматташкандарга соттун айыппул гана салышы мыйзамдын устундарына доо кетирип жатканын билдирди. Акыйкатчы кылмышы аныкталган адам зыянды төлөп бергенине карабай, мыйзамда каралган жазага тартылыш керек деп эсептейт.

“Тергөө менен кызматташуу жөнүндө мыйзам туура эмес жазылып калган деп эң биринчи коңгуроону Акыйкатчы институту каккан. Бул кызматтык абалдан пайдаланууга жол ачып жатат. Коррупциялык элементтер да болушу мүмкүн. Уурдап кармалып 20 жыл отура турган болсо, акча төлөгөндөн кийин жаза мөөнөтү 15 жылга кыскарышы мүмкүн, бирок отурушу керек. Себеби, жеп-ичип, уурдаган. Уурдаганынын бир бөлүгүн төлөп атпайбы. Ал аз келгенсип ишке тиешеси жок эле адамдарга кошо көрсөтмө берген жагдайлар дагы бар. Мындайга жол бербеш керек”.


Саясий серепчи Нурсултан Акылбек Улуттук коопсуздук комитети өзү тергөөчү, өзү сот болуп алганын айтат.

“Улуттук коопсуздук комитетинен эркиндикти сатып алып жатышат. УКМК сот эмес, анын милдети - тергөө. Сот болсо канцелярия болуп калды. Мамлекеттин бюджетин толтуруу дегенге кошулбайм. Азыр төлөнүп жаткан каражаттар бюджеттин масштабы менен алганда кичинекей эле акча. Бирок коррупциялык схема, сол чөнтөктү толтуруу деген версия ишенимдүү. Матраимовду деле айыппул менен чыгарып жиберип жатпайбы".

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы басма сөз жыйында УКМК сот болуп алды деген сындарга жооп берип, кылмыш иштери мыйзам чегинде жүрүп, тергөөдө бардык чыгымдар эсептелип мамлекетке акча өндүрүлүп жатканын белгилеген.

“Ар бир коррупционердин кылган иши бар. Ал иштерди эсептеп, чыгымдарды аныктап жатабыз. Акырында суммасы чыгып жатат. Бирөөнүкү 100, бирөөнүкү 20, башкасыныкы 100 млн. болууда. Кимдир бирөө 1 млрд. сом төлөп жатат”.

Тергөө менен кызматташтык жоюлат

Октябрь окуяларынан кийин бийликти алган саясий топтун дагы бир өкүлү Курманкул Зулушев жетектеген Башкы прокуратура тергөө менен кызматташуу ыкмасын жоюуну сунуш кылып жатат.

Президенттин тапшырмасы менен Жазык кодекстерине өзгөртүү киргизүү боюнча жумушчу топ түзүп, иштеп жаткан башкы көзөмөл органы, тергөө менен кызматташуу тергөөнүн сапатынын бир кыйла төмөндөшүнө алып келгенин жүйө келтирүүдө.


Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов Башкы прокуратуранын тергөө менен кызматташууну жоюу тууралуу демилгесин колдорун билдирди.

“Зыянды сот гана өндүрүш керек. Тергөө менен кызматташтыкты жоопкерчиликтен качуу катары пайдаланып жатат. Ал жеңилдетүүчү жагдай катары гана болуш керек. Тергөө менен кызматташууну жоюу боюнча Башкы прокуратуранын демилгесин колдойм”.

Укук коргоочу Рита Карасартова тергөө менен кызматташып, акча төлөп абактан чыгып жаткандардын иши кийин кайра каралышы мүмкүн дейт.

Рита Карасартова
Рита Карасартова

“Кыргызстанда баары болот. Эртең башка бийлик келип бул иштерди кайра карап чыгышы мүмкүн. “Кусам” деген кишилер макул болсо “куса” беришсин. Кээ бир учурда күнөөсү жок адамдар деле камакта отура бербейинчи деп акча төлөп чыккан учурлар да бар. Зыянды кантип эсептеп жатат? Кийин жаңы ачылган жагдайдын негизинде ишти кайра козгошу мүмкүн. Акчасын төлөп, кылмышты жасадым деп моюнга алгандан кийин, акчанын бир бөлүгүн башкага бергем деп көрсөтмө бериш оңой да.

Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров 21-октябрда экономикалык мунапыс жарыялап, өөнөлгөн акчаны кайтарууга бир ай убакыт берген.


2020-жылы декабрда Жогорку Кеңеш экономикалык мунапыс тууралуу мыйзам кабыл алган. Ага ылайык салык төлөөдөн качуу, аткезчилик, мүлккө байланыштуу алып-сатуудагы мүчүлүштүктөр үчүн экономикага келтирилген чыгымды төлөп бергендер камакка алынбай турганы айтылган.

Ошол эле айда “Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө” мыйзам күчүнө кирген. Ал мыйзам өлкөдө мурда-кийин табылган 70 миллион сомго чейинки кирешелерди, мүлктү жана бизнести мыйзамдаштырууга жол ачкан.

Бирок айрымдар буларды коррупционерлердин, олигархтардын кызыкчылыгы үчүн иштей турган мыйзам деп сындап чыгышкан.

Абактан акча төлөп чыккандар

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG