Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

УКМК: Жалил Атамбаев дагы 50 млн. сом төлөп берди  


"Азаттыктын" 2019-жылдагы иликтөөсүнөн алынган сүрөт. Жалил Атамбаев.
"Азаттыктын" 2019-жылдагы иликтөөсүнөн алынган сүрөт. Жалил Атамбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мыйзамсыз баюу беренеси менен айыпталып кармалган Жалил Атамбаев ички иштери министрлигинде иштеп жүрүп ишкерлик менен алектенип 100 млн. сомдук мүлккө ээ болуп, аны туугандарына каттатып койгону тергөөдө аныкталганы кабарланды.

Атайын кызмат Атамбаев тергөө менен кызматташуунун алкагында 29-мартта 50 млн. сом төлөп бергенин маалымдады. УКМК Атамбаев кылмыш ишинде казынага 100 млн. сом чыгым келтирген деп эсептейт.

“Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери акыркы баскычтагы зарыл болгон иш-аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин, акыркы процесстик чечимдер кабыл алынып, тергөө мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө аяктайт”, - деп айтылат маалыматта.

Бирок, атайын кызмат Атамбаев 100 млн. сомду кандай ишкерлик менен тапканы жөнүндө маалымат берген жок.

Жалил Атамбаев 4-мартта кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалган милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев бир күндөн кийин үй камагына чыгарылган. Атамбаев жана анын адвокаттары тергөө менен кызматташууга, айтылган зыянды республиканын бюджетине төлөп берүүгө даяр экени тууралуу өтүнүч келтиришкен. УКМК Атамбаев депозиттик эсепке 50,5 миллиондон ашык сом ашык акча которгонун, калган 50 миллион сомду ушул айдын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилгенин кабарлаган болчу.

Жалил Атамбаев Ошто ишкер катары таанымал. Ал ресторан-кафелердин, көп кабатту үйлөрдүн жана ишканалардын ээси. Мурда Ош эл аралык аэропортунун милиция кызматынын башчысы болуп иштеген. 2019-жылы Атамбаевге жана анын жакындарына таандык компаниялар 40 миллион сом салыкты жашырганы аныкталган.

“Азаттык” 2019-жылы Жалил Атамбаев тууралуу «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»» деген иликтөөсүн жарыялаган. Анда салыктан качкан ишкерлер, алардын ичинде Жалил Атамбаев жөнүндө сөз болгон.

Атамбаев “Азаттыктын” ошол кездеги кабарчысы Ыдырыс Исаковду сотко берип, кийин арызын кайтарып алган. (TSh)

XS
SM
MD
LG