Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Коронавируска каршы биринчилерден болуп министр Бейшеналиев эмделди


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

29-мартта Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп вакцина сайдырды. Эмдөөгө кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. 75 миң адамга жеткидей 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Бурул Асыкбекова 26-мартта “Азаттык” радиосуна берген маегинде вакцинадан баш тарткандар да бар экенин айткан. Баш тартуунун себептери, ошондой эле андай дарыгерлердин саны канча экендиги эмдөөнүн жүрүшү менен белгилүү болот деп билдирген.

Кыргызстанда коронавирус 88 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза тапты. (MiK)

XS
SM
MD
LG