Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

УКМК: Жумалиев ооруканадан тергөө абагына кайтты


Кубанычбек Жумалиев.
Кубанычбек Жумалиев.

Парламент депутаты, коррупцияга шек саналып кармалган Кубанычбек Жумалиев Бишкектеги «Бикард» жеке менчик ооруканасынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына кайтты. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

Кубанычбек Жумалиев март айынын башында Бишкектеги менчик ооруканалардын бирине кан басымына жана жүрөк оорусуна байланыштуу жатканы кабарланган.

Жумалиевди УКМК 4-февралда Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча кармап, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга, 4-апрелге чейин камакта калтырган.

Ал Эл аралык медициналык университетке лицензия алууда, ошондой эле кылмыштуу жол менен табылган кирешени легалдаштырууда, салык жашырууда, мыйзамсыз баюуда алдын ала аныкталган шек саноонун негизинде айыпталууда. (MiK)

XS
SM
MD
LG