Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Бразилия орусиялык “Спутник V”  вакцинасын каттоону токтотту


Бразилиянын санитардык көзөмөл агенттигинин расмий сайтында кабарлангандай, орусиялык вакцинаны каттоону токтотуу чечимине ал тууралуу жетиштүү маалыматтар алына электиги себеп болгон.

Биринчи жолу быйыл 15-январда препаратты каттоо үчүн арызды Uniao Quimica уюму тапшырган.

Ал Бразилияда “Спутник V” вакцинасын алдыга жылдырып, Орусиянын инвестициялык кызыкчылыгын алдыга сүрөгөн компания.

Анда аталган агенттик тапшырыкты четке кагып, вакцина тууралуу кошумча маалыматтарды талап кылган. Экинчи ирет 26-мартта арыз берилген.

Бразилиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги анын каттоосу жок экенине карабай, орусиялык препаратты сатып алуу келишимине кол койгон.

COVID-19 илдетине каршы былтыр августта иштелип чыккан орусиялык «Спутник V» вакцинасы быйыл февраль айында үчүнчү сыноодон өтүп, анын натыйжалуулугу 91,6 пайызды түзгөн. Аны колдонууга элүүгө чукул өлкөдө уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG