Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Муфтий шайлоо: Курултайды жылдыруу сунушталууда


Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы (муфтияттын) имараты. Бишкек шаары.
Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы (муфтияттын) имараты. Бишкек шаары.

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтияттын) башчысын шайлоо боюнча Аалымдар кеңешинин курултайын жылдыруу сунушталууда.

Бул тууралуу Аалымдар кеңешинин катчылыгынан "Азаттыкка" ырасташты. Маалыматка караганда, муфтийликке талапкерлерди караган Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Мамасабыр Досбол уулу 5-апрелге белгиленген курултайды жылдырууну сунуштап, Аалымдар кеңешинин төрагасына кат жолдогон.

Анын каты Интернетке да тарады. Анда Досбол уулу муфтийликке талапкерлердин жактоочуларынын бири телефон чалып, коркутканын, билими шайкеш келбегенине карабай Шакир Маматовду алдыга өткөрүүнү талап кылганын жазган. Чүй облусунун казысы да комиссияга ушундай эле талап менен психологиялык басым кылып жатканын белгилеген. Буга байланыштуу талапкерлерди жана курултайдын делегаттарынын бул орунга ылайыктуу экенин жана алардын тыюу салынган экстремисттик уюмдар менен байланышын текшерип чыгуу үчүн убакыт керек деген негизде жыйындын мөөнөтүн бир айга жылдырууну сунуш кылган.

Сунуш колдоо таптыбы, жокпу азырынча белгисиз. Эгер демилгени Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү колдосо, муфтий шайлоо кийинкиге жылат. Маселе азыр каралып жатканы белгилүү болду. Анын жыйынтыгы жана кийинки жыйындын мөөнөтү тууралуу кийинчерээк маалымат бериле турганы айтылды.

Аталган комиссия 17-мартта муфтийликке арыздарды кабыл алып, каттоону аяктаган. Муфтий болуу үчүн сегиз талапкер арыз берген. Алар:

1. Нурбек Токтогулов
2. Сайдамир Жээналиев
3. Султанали Гапуров
4. Убайдулла Сарыбаев
5. Шүкүр Исмаилов
6. Шакир Маматов
7. Нематилла Жээнбеков
8. Ниязали Арипов

Мындан тышкары Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырган. Ал эми Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи катталган.

Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы документтерди карап чыккандан кийин 29-30-31-март, 1-апрель күндөрү талапкерлердин билим деңгээлин жана кесипкөйлүгүн текшерүү максатында сынак өткөрө турганы кабарланган.

Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгү, муфтийликке жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак быйыл 17-февралда жарыяланган.

Быйыл 10-февралда УКМК мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевди башкармалыктагы мыйзамсыз финансылык иштер боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 12-февралда жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

11-февралда Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын карап, канааттандырган. Азыр анын милдетин муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев аткарууда. (NT)

XS
SM
MD
LG