Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:17

Суэц каналын тороп калган кемелерден бошотуу иштери башталды


Суэц каналы
Суэц каналы

Кийинки чара Суэц каналын тороп калган контейнерлерди ташыган кемелерди өтмөктөн чыгаруу болот. Буга чейин мындай кадамдар башка өзгөчө чаралар жыйынтык бербесе гана каралышы мүмкүн экени айтылган.

Азыркы учурда Суэц каналындагы өтмөк торолуп калган кырдаалдын айынан дүйнөлүк экономика күн сайын тогуз миллиард доллар жоготуп жатканы эсептелген. Бүгүнкү күнгө карата Суэц каналы аркылуу өтүү мүмкүнчүлүгүн 320 жүк ташыган кеме күтүп турат. Жаныбарларды коргоочулардын маалыматы боюнча анын ичинде 130 миң кой жүктөгөн Румыниянын 11 жүк ташуучу кемеси да бар. Азыркы мезгилде бул жүктү башка порттордун бирине жеткирүү маселеси каралууда.

Буга чейин контейнерлерди кемеден түшүрүүнү куткаруучулар эң акыркы чара катары эсептешкен болчу. Анткени бул үчүн жүктү көтөрө турган крандар жана башка жабдуулар талап кылынат.

Транспорттук артерия болуп саналган Суэц каналынын торолуп калышынан араб жарым аралында жана Азияда чай, кофе жана электроника сыяктуу товарлар кымбатташы мүмкүн экенин эксперттер болжолдошууда.

XS
SM
MD
LG