Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:03

Чехиянын эң бай адамы кырсыктан каза тапты


Пётр Келлнер
Пётр Келлнер

27-мартта АКШнын Аляска штатындагы тоолордо тик учак кыйрап, анын ичиндеги Чехиянын эң бай ишкери Петр Келлнер каза тапты.

Бул тууралуу Чехиянын PPF финансалык тобунун 29-марттагы билдирүүсүндө жарыяланды.

Маалыматта жазылганга караганда тик учак кыйрап, 5 киши каза тапкан. Эми окуянын жагдайлары иликтене турганы белгиленди.

Аляска штатынын аскер адамдары жүргүнчүлөр арасынан тирүү калган бирөөсүнүн абалы өтө оор, бирок туруктуу экенин билдиришкен. АКШнын маалымдоо каражаттары тик учак саякаттап учуп жүрүп, Аляскадагы Кник мөңгүсүнө жакын жерге кулап түшкөнүн жазышты.

Петр Келлнер (Petr Kellner). Прага. 2020-жылдын 23-августу.
Петр Келлнер (Petr Kellner). Прага. 2020-жылдын 23-августу.

Эл аралык Forbes журналынын версиясы боюнча 56 жаштагы Петр Келлнердин байлыгы 52 миллиард долларга бааланып, дүйнөдө 68-орунда деп табылган. Ал өзүнүн бизнесин көчүрмө машиналарды сатуудан баштап, PPF Group деген инвестициялык компанияны түптөгөн.

Бул компания АКШда, Чыгыш Европада, Кытайда, Орусияда жана Борбор Азияда телекоммуникация тармагына инвестиция салган.

Чех маалымат каражаттары Петр Келлнер пандемиядан жабыркаган мамлекеттерге тесттерди, беткаптарды жана башка жабдууларды сатып алууга миллиондогон евро кайрымдуулук жардам бергенин белгилешти.

XS
SM
MD
LG