Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Азери элчисинин тик учак кырсыгы тууралуу сөзү сынга кабылды


Полад Бүлбүл оглу Азербайжандын Орусиядагы элчиси болуп 2006-жылы дайындалган.
Полад Бүлбүл оглу Азербайжандын Орусиядагы элчиси болуп 2006-жылы дайындалган.

Москва менен Бакудагы расмий бийлик өкүлдөрү Азербайжандын Орусиядагы элчиси Полад Бүлбүл оглунун Армения менен чектеш аймакта атып түшүрүлгөн тик учак тууралуу айткандарын сынга алышты. Элчи РБК басылмасындагы маегинде кырсыкты «кайгылуу кокустук» деп атаганы менен «согушта мындай нерселер боло берет» дегендей мазмунда комментарий берген.

Орусиянын Ми-24 тик учагын азери аскерлери Арменияда чек арага жакын аймакта 9-ноябрда атып түшүргөн. Баку муну «кокустук» деп атап, Москвадан расмий кечирим сураган жана кенемте төлөп берерин билдирген. Азербайжанда бул кырсыктан улам кылмыш иши козголгон.

РИА «Новости» агенттигине Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин атын атабаган өкүлү «Эгер Орусия да «согушта баары боло берет» деген принципти кармана турган болсо анда ал катаал жооп бермек» деп эскертти жана азери бийлик өкүлдөрүн кайгылуу окуя тууралуу кош мааниси бар билдирүүлөрдү таратпоого чакырды.

Азери президенти Илхам Алиевдин жардамчысы Хикмет Гажиев чет жердеги азери дипломаттарын өз өлкөсүнүн расмий позициясына жана өлкө башчысынын саясатына каршы келген билдирүүлөрдү таратуудан карманууга чакырды.

Полад Бүлбүл оглу Советтер Союзунун тушунда эстрадалык ырчы жана композитор катары таанымал болгон. Ал Москвадагы азери элчиси болуп 2006-жылдан бери иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG