Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Жапаровдун жыйынтыктоочу жыйыны


Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун басма сөз жыйыны. 12-ноябрь, 2020-жыл.
Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун басма сөз жыйыны. 12-ноябрь, 2020-жыл.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кызматын тапшырар алдында жалпыга маалымдоо каражаттарына басма сөз жыйынын өткөрдү.

Анда коррупцияга каршы күрөш, өлкөдөгү кен байлыктары, тышкы карыз жана конституциялык реформа тууралуу суроолорго жооп берди.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору

Бул Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун президенттин милдетин аткаруучу катары биринчи жана акыркы басма сөз жыйыны болуп калды. Жапаровдун пресс-конференциясы Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөндөрдүн документин кабыл алууга эки күн калганда уюштурулду.

Ал парламенттик шайлоодон кийинки тополоңдон соң бийликке келип, 16-октябрдан бери президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр болуп турат. 12-ноябрда Коомдук телерадио корпорациясында (КТРК) өткөн жыйын анын бир айлык ишинин жыйынтыгы катары бааланды.


Журналисттер көбүнчө Садыр Жапаров буга чейин эл менен жолугушууда жана айрым телеканалдарга берген маегинде позициясын билдирген темалар боюнча суроолорду узатышты. Алгач эле конституциялык реформа тууралуу суроо берилип, Жапаров ага мындайча жооп берди.

«Конституциянын долбоору даярдалып жатат. Кеңешменин курамына адистер, өкмөттөн адамдар, коомчулуктан өкүлдөр да кирген. Баш мыйзамдын долбоорун жакын арада парламентке беришет. Жогорку Кеңеш кандай талкуулап кабыл алат - аны парламент, коомчулук чечет. Көз карандысыз эксперттер кирип сунуштарыңарды берсеңер да болот. Мага берген маалымат боюнча, депутаттар парламентке бир мандаттуу жана партиялык тизме менен да шайланып келет. Долбоордо бир мандаттуу округдан 35 депутат, 55 депутат партиялар менен шайланып келсин деп жазышыптыр. Ошондо 90 депутат болсун деген сунуш бар экен».

Садыр Жапаров Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин жана коомчулуктун талкуусуна качан чыгарыларын тактаган жок. Ал «Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр элдин көз алдында түз эфирде талкууланат» деп убада берди.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун басма сөз жыйынына катышкан журналисттер.
Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун басма сөз жыйынына катышкан журналисттер.

Жапаров: диктатура жана куугунтук болбойт

Жапаров Конституцияны өзгөртүү ниетин өкмөт башчылыкка сунушталып жатканда эле билдирген. Ал президенттик башкарууну орнотуп, өкмөттү жоюу керектигин айткан. Анын ордуна вице-президент кызматын киргизүүнү сунуштаган.

Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары президенттик башкаруу мамлекетти артка тартарын айтып, Жапаровдун бул демилгесин колдобой келет. Коомчулукта президенттик башкаруу бийликти бир колго топтоп, жеке басар диктатуралык бийликти жаратат деген кооптонуу бар. Жапаров ага жол бербей турганын айтып, ишендирүүгө аракет кылды.

«Кыргызстандыктар - 30 жылда үчүнчү жолу революция жасаган эл. Адилеттүү жашоону каалаган эл. Дал ошол диктатураны орнотпойлу, мыйзамсыздык, адилетсиздикти жок кылалы деп. Мен боломбу, менден кийин Эшмат келеби же Ташмат келеби, кыргыз эли диктатурага жол бербей турганын өзүңүздөр көрдүңүздөр. Так жана даана айтып коёюн: эч кандай диктатура жана кимдир-бирөөнү куугунтуктоо деген болбойт», - деди Садыр Жапаров.

Матраимов мамлекеттен алганын төлөмөй болду

Жапаровдун басма сөз жыйынында коррупцияга каршы күрөш да эң көп берилген суроолордун бири болду. Ал өкмөт башчылыкка сунушталып жатканда, кийин аймактарда эл менен жолугушууда жемкорлук менен күрөшүү тууралуу кат-кат убадаларды берген.

21-октябрда экономикалык мунапыс жарыялап, жемкорлорго бюджеттен өөнөлгөн акчаны кайтарууга бир ай убакыт берген. Ал бул аралыкта коррупциялык жол менен табылган кирешелерди, мыйзамсыз мүлктү, жашырылган салыктарды ачыкка чыгарууга, мамлекетке кайтарууга чакырган. Азыр канча акча түшкөнү тууралуу маалымат бериле элек.

Жапаров 29-октябрда өкмөттүн жыйынында Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш өтө татаал болуп жатканын, жемкорлукту жоюуга шарт түзүш үчүн Конституцияны өзгөртүү зарыл экенин айткан.

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун маселесине келгенде Матраимов «мыйзамсыз байыган мүлктү жана акчаны кайтарып берейин» деп өзү суранганын билдирди.

«УКМК аны алып келип жапкандан кийин эле мага кабар беришти. 6-7 саат бою сүйлөшүү жүрүптүр. Муну камап койгондо биз мамлекетке бир тыйын акча алып келе албайт элек. Мен саясий чечим кабыл алып, сурандым. УКМКнын төрагасынан «муну камап койгондон эмне пайда» деп сурандым. 6-7 саат ошондой кеңешме өттү, бизде. Өзү да «мени камап койгондон эч нерсе келбейт. Андан көрө мен мамлекеттен алганымды, мыйзамсыз байыган мүлкүмдүн баарын, акчанын баарын кайра Кыргызстанга алып келип берейин» деп ачыгын айтып, суранды», - деди ал.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.

Жапаров 3-ноябрда Матраимов мамлекетке төлөөгө милдеттендирилген эки миллиард сомду күнүгө төгүп жатканын айтып, кармалган күнү эле 70 же 80 миллион төгүп бергенин кошумчалаган.

Эл жыйындан эмнени күттү эле?

Садыр Жапаров октябрь окуяларынан кийин президенттик кызматты да, өкмөт башчылыкты да бир колго алган. Саясаттагы үзөңгүлөштөрүн атайын кызматтын, Башкы прокуратуранын жетекчилигине дайындады. Саясаттагы дагы бир жакын кишиси Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болду.

Жапаровдун соңку басма сөз жыйынынан кийин талдоочулардын пикирин уктук. Алардын бири - парламенттин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков:

«Ар ким өзү ишенген кишини кызматка алып келүүгө аракет кылат. Бирок мамлекеттик кызмат бул жеке адамдын менчиги же ата-бабадан калган энчиси эмес. Өнүккөн мамлекеттерде шайлоого аз эле партиялар ат салышат. Утулган партияга күч тармагын, каржы мекемелерин тейлеген министрлик, комитеттерди берет. Бизде да ушундай болсо жакшы болмок. Кыргызстанда бийликке келип көзүн май баскандарды көрдүк да. Өлкөдөгү ушундай оор кырдаалда бийликке келген киши «баарын жыргатып жиберем» дегенден алыс болуш керек. Максат сөзсүз эле шайлоодон өтүш керек эмес да».

Президенттин аппараты Жапаровдун басма сөз жыйынына катышуу үчүн 86 жергиликтүү жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынан 148 журналист катталганын билдирген. Президенттин милдетин аткаруучу Жапаров 35 журналисттин суроолоруна жооп берүүгө жетишкен экен.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек жыйындын жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу мындай деди.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

«Жарандар «өлкө чын эле өнүгүү жолуна түшүп, мыйзамдык талаага келдиби?» деген суроолорго жооп алгысы келген. «Садыр Жапаров чын эле улуттук лидерби?» деген да суроо турган. Анан алгачкы басма сөз жыйынын 1,5 саат деп чектеп койгону туура эмес болду. Себеби, азыр мындан да маанилүү иш жок болчу. Анткени суроо көп эле. Жарандар келечекте эмне болору тууралуу суроого жооп алгысы келген. Бирок чарбалык, утурумдук маселелер көтөрүлдү. Ошол эле кезде геосаясат, Бакиевдер тууралуу, адилеттүүлүк боюнча талылуу темаларга үстүртөн жооп берип койду. Эсте калганы - сөз эркиндиги тууралуу так позициясын айтты».

Бакиев демекчи Садыр Жапаров мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү боюнча иш уланарын айтты. Ал 2010-жылдагы апрель окуясында кан төгүлүп, 90дой өмүр кыйылганына жалгыз гана Бакиев күнөөлүү эмес экенин кошумчалап, ага карата козголгон иш изилденерин билдирди:

«2010-жылкы окуя боюнча жалаң эле Бакиевдер күнөөлүү эмес. Башкалар да күнөөлүү болуп калат, эгер чындап, адилеттүүлүк менен териштирсек. Ал кылмыш ишине жете элекпиз. Баарын кайрадан көтөрүп чыгып, каратып, изилдетишибиз керек».

Садыр Жапаров Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында өтчү президенттик шайлоого катышарын жарыялаган. Ал эми президенттин милдетин аткаруучу кызматын 14-ноябрда тапшырарын айткан. Мыйзам боюнча эми өлкө башчынын милдетин аткаруу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго өтөт. Жапаров премьер-министрлик кызматын убактылуу гана токтото турарын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG