Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Ошто прокурор Улукбек Өмүрзаков кармалды


Ош облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору Улукбек Өмүрзаков 5-ноябрдагы басма сөз жыйынында.
Ош облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору Улукбек Өмүрзаков 5-ноябрдагы басма сөз жыйынында.

УКМК 12-ноябрда ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси, Ош облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору Улукбек Өмүрзаковду көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алууну уюштурушу мүмкүн деген шек менен кармаганын билдирди.

Андан сырткары Өмүрзаков менен кошо үч киши кармалган. Мекеменин маалыматы боюнча алардын 82 миллион сомдук көмүрдү эч кандай салык төкпөй казып алганы аныкталган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тараткан маалыматында: «Өмүрзаковдорго таандык «Муххамед-Умар» күзөт кызматынын кызматкерлери 2020-жылдын январь айында «Жол Чырак жана Ко» ЖЧКсына таандык көмүр кенинин аймагына мыйзамсыз киришкен. Ага таандык атайын техника каражаттарын ээлеп, кызматкерлерди кендин аймагынан чыгарып салышкан жана мыйзамсыз 82 миллион сомдук көмүрдү эч кандай салык төкпөй казып алышкан. Ошондой эле жергиликтүү жана башка органдардын кенди казууну токтотуу тууралуу кайрылууларына баш ийишкен эмес», деп жазылган.

Мындан сырткары УКМКнын билдирүүсүндө Улукбек Өмүрзаков кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы жөнүндө да жазылат.

Аталган факт боюнча УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен турган мекеме аралык ыкчам тергөө тобу мындан ары текшерүү иштерин улантканы жатат.

Улукбек Өмүрзаков жана анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева.
Улукбек Өмүрзаков жана анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева.

Ал эми Улукбек Өмүрзаковдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева болсо аларда Өмүзаковдун кармалышы боюнча маалымат жок экендигин билдирди:

«Ал боюнча азыр бизде маалыматыбыз жок, маалымат беришкен эмес. Ал кармалдыбы же кармалбадыбы, бизге белгисиз болуп жатат. Бирок (УКМКга) жеткирилгени факт. Бул эми эки башка нерсе да. Аны убактылуу кармоочу жайга киргизсе «кармалды» деп айтса болот. Аны эртең менен имаратка алып келишкен, бул башка нерсе. Андан ары эмне болгону жөнүндө бизге маалымат беришкен эмес».

Ал арада 3-ноябрда Садыр Жапаровдун Ош шаарында эл менен жолугушуусунда аймакта таасирдүү үй-бүлө болуп саналган Өмүрзаковдордун аракеттери боюнча даттанган Канназар Ыдырысов күч түзүмдөрүнө ишеним артып жатканын айтууда:

«Кармалып, УКМКга жеткирилди. Анын көмүр кендерин басып жаткан «куйруктары» да баары кармалып жатат. Биз азыркы бийликке ишенип калдык».

Ыдырысов Садыр Жапаровго кайрылгандан кийин Өмүрзаковдор кысым көрсөтүп жатканын, коопсуздугунан кооптонуп, үйүнө барбай жүргөнүн 4-ноябрь күнү айтып чыккан:

«Бир нече машине менен Улукбек Өмүрзаковдун балдары үйүмдү курчап алып турушат. Мен алардын анча-мынчасын таанып калгам. Коопсуздугума кыжаалат болуп турам. «Жапаровго арыздандың, Жапаров көп болсо эки ай туруп кетет. Отурганда да ээрге кыйшык отурду. Сени менен эки айдан кийин сүйлөшөбүз» деп айтып жатышат. Бул кысым эмей эмне? Бул кысымдан да жаман нерсе. Чакыруу кагазын да көрсөткөн жок. Булар документтери бар бандиттер да. Азыр ар жактан чалып жатышат. «Сен бекер сүйлөпсүң, сен башка жакка качып кет. Чет өлкөгө качып кет, акчаңды таап берели» деп».

УКМК Ош шаарынын тургуну Канназар Ыдырысовду ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси Улукбек Өмүрзаковдун опузасы тууралуу айтып бериши үчүн мекеменин борбордук аппаратына 4-ноябрда чакырган. Бул тууралуу 5-ноябрда мекеменин басма сөз кызматы кабарлап, текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирген.

Канназар Ыдырысовду издеп келгендер. Байкоочу камерага түшүп калган видеодон алынган сүрөттү «Азаттыкка» Канназар Ыдырысов берген.
Канназар Ыдырысовду издеп келгендер. Байкоочу камерага түшүп калган видеодон алынган сүрөттү «Азаттыкка» Канназар Ыдырысов берген.

Ыдырысов менен Өмүрзаковдордун талашы «Жол Чырак жана Ко» жоопкерчилиги чектелген коому казган көмүр кенине барып такалат. Канназар Ыдырысов - «Жол-Чырак жана Ко»​ ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири Манасбек Ыдырысовдун бир тууганы.

Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүндө жайгашкан «Жол Чырак» көмүр кенинин негиздөөчүлөрү январь айынан бери кенге ээ боло албай келишкенин айтып, 21-октябрда басма сөз жыйынын өткөрүшкөн.

Алар Кутман Шермат уулу аттуу жаран бир жыл ишеним каттын негизинде кенге жетекчи болуп, мөөнөтү бүткөндөн кийин да көмүр карьерин кайтарып бербей жатканын, Шермат уулун Өмүрзаковдор калкалап келгенин жарыялашкан. Улукбек Өмүрзаков 5-ноябрдагы басма сөз жыйынында журналисттерге берилген маалыматты четке каккан.

«Жол Чырак жана Ко» жоопкерчилиги чектелген коому кенди казууга 2008-жылы уруксат алып, 2011-жылдан тартып расмий иштей баштаган. Анын негиздөөчүлөрү көмүрдү 2015-жылдан бери казып келгенин айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG