Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Коронавирустан улам Европанын айрым өлкөлөрү чектөөлөрдү күчөттү


Чехиянын борбору Прагадагы метродогу эскертүү
Чехиянын борбору Прагадагы метродогу эскертүү

Коронавирустун жаңы мутацияланган түрлөрү жайылып жатканына байланыштуу Европанын айрым мамлекеттери катаал чараларды киргизүүдө.

Чехия жана Португалия «үчүнчү толкун» башталышы мүмкүн деген кооптонуудан улам жарандарды респиратор тагынып жүрүүгө милдеттендирди.

Норвегиянын баш калаасы Ослодо 15-мартка чейин жарым-жартылай карантин чаралары жарыяланды. Словакия 3-марттан баштап жарандардын ары-бери кеңири жүрүүсүн чектеди. Ал арада Бразилияда коронавирустун жаңы мутацияланган түрүнө буга чейин COVID-19 менен ооруп айыккандар да чалдыгып жатканы маалым болду.

Илимпоздордун айтымында, коронавирустун Бразилияда чыккан түрү менен Түштүк Африкада чыккан түрү бириккен болушу мүмкүн. Адистер вирустун бул аралашкан түрү азыркы вакциналарга баш бербеши ыктымал деп кооптонушууда.

XS
SM
MD
LG