Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Словак парламенти Чехословакиянын Компартиясын кылмыштуу уюмга теңеди


1992-жылы Чехия менен Словакия эки мамлекетке бөлүнгөн.
1992-жылы Чехия менен Словакия эки мамлекетке бөлүнгөн.

Словакияда парламент шаршембиде көчөлөргө, коомдук жайларга коммунисттик, фашисттик жана нацисттик режимдердин өкүлдөрүнүн атын коюуга тыюу салды. Мыйзамга киргизилген алымча-кошумчага ылайык, эстеликтерге, мемориалдык такталарга да мындай режимдин символикасын жайгаштырууга тыюу салынат.

1996-жылкы «Коммунисттик режимдин мыйзамга каршы жана моралга жатпаган мүнөзү тууралуу» мыйзамга киргизилген өзгөртүү боюнча, Чехословакиянын Коммунисттик партиясы менен анын словак бөлүмү кылмыштуу уюм деп табылды.

Мыйзамда Экинчи дүйнөлүк согушта нацисттик Германиянын вассалы болгон Словак мамлекетинин өкүлдөрүнүн атын көчөгө коюуга тыюу салынган.

Чехословакияда Коммунисттик партия 1948-1989-жылдары бийликте турган жана ошол маалда өлкө «советтик блокто» болгон. Жүз миңдеген адам саясий репрессияга кабылган.

Чехословакия 1918-жылдын 28-октябрында республика болуп түзүлгөн. Жаңы мамлекеттин курамына Австро-Венгрия империясынын Чех королдугу жана Венгер королдугунун словактар жашаган аймактары кирген. 1992-жылы Чехия менен Словакия эки мамлекетке бөлүнгөн. Бирок 28-октябрды эки эл тең мамлекеттүүлүгү түзүлгөн күн катары белгилеп келатат.

XS
SM
MD
LG