Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигиндеги коррупцияны аныктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ислам өнүктүрүү банкынын Кыргызстанга берген насыясынын эсебинен алынган “Тез жардам” автоунааларын сатып алууда Саламаттык сактоо министрлиги мыйзам бузган. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымат таратты.

Ага ылайык, 2020-жылдын 21-сентябрында Саламаттык сактоо министрлиги “Коопсуз шаар” долбоорунан түшкөн пайдага ар бири 2 924 267 сом турган 66 “Тез жардам” автоунаасын сатып алуу чечимин чыгарган. Бирок аталган чечимди кабыл алууда “Коопсуз шаар” долбоору менен келишим түзүлгөн эмес.

Бир айдан кийин аталган министрлик “В” аттуу жоопкерчилиги чектелген коому менен «Газель Соболь 4х4» үлгүдөгү 66 машинени 193 001 222 сомго алуу тууралуу өз ара макулдашуу жүргүзгөн. Бирок ар бир автоунаанын баасы 94 232 сомго наркынан көп көрсөтүлгөн.

Сөз болуп жаткан “Тез жардам” автоунааларын сатып алган учурдагы доллардын сомго карата курсун эске алганда бюджет 18 976 681 сомго зыян тарткан.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 322-беренеси ("Пайдасыз келишимдерди түзүү") менен сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. (MiK)

XS
SM
MD
LG