Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

УКМК: Пара талап кылган алдамчылар кармалды


Шектүүлөрдү кармоо учуру. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин сүрөтү.
Шектүүлөрдү кармоо учуру. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин сүрөтү.

Өздөрүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери катары тааныштырып, пара талап кылган эки адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Л.Д.Э. жана Т.у.Ж. аттуу адамдар Сокулук районунун тургунунан 5000 доллар талап кылышкан. Шектүүлөр 26-мартта 50 миң сом алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Алар буга чейин да арыз жазган адамдан 190 миң сом жана 1000 доллар алган. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ушул тапта тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG