Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Динди саясатташтыруу коркунучу пайда болду


Бишкектеги мечиттердин бири. 2020-жыл, 12-июнь.
Бишкектеги мечиттердин бири. 2020-жыл, 12-июнь.

Исакбай Мурзабеков Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы. «Биз жана дин» түрмөгүнө интервью маалында ал Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында абал туруктуу болгону менен айрым аймактарда, адамдар арасында радикалдашуу бардыгын, анын айынан айрым кыздар турмушка эртелеп чыгууга аргасыз болуп жатканын, ошол эле маалда түшүндүрүү иштери күчөп, анын аркасында, алсак, Сирияга кеткендер азайганын айтып берди.

Исакбай Мурзабеков
Исакбай Мурзабеков

- Кыргызстандын түштүк аймагындагы азыркы диний кырдаалды кандайча мүнөздөйсүз? Ал өлкөбүздүн башка аймактарындагы диний абал менен эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

- Кыргызстандын Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында расмий түрдө иштеп жаткан диний уюмдардын айланасындагы кырдаал негизинен туруктуу, тынч. Алардын арасындагы өз ара мамиле, урмат-сый, кызматташуу бар. Бирок, ошол эле учурда диний кырдаалга терс таасирин тийгизген айрым тенденциялар, факторлор, тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылган көрүнүштөр да жок эмес.

Динди саясатташтыруу коркунучу пайда болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:22 0:00

- Ал кандай тенденциялар?

- Аларга социалдык тармактардагы радикалдашууну, жаатташууну, бири-бирине акаарат келтирүүнү, экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тартууну мисал келтирсек болот. Айрым диндар адамдар Кыргызстандын мыйзамдарын сактабастан жума күндү өздөрү үчүн дем алыш күн деп кабылдап алышкан. Кээ бир элди тейлөөчү ишканалар - автоунаа оңдоочу жайлар, чачтарачканалар, соода борборлору жума күндөрү иштебей, көпчүлүк атуулдарга ыңгайсыздыктарды жаратып жатышат.

Мындан сырткары нике маселесинде да айрым көйгөйлөр бар. Кээ бир жабык конуштарда, өздөрүн «диний» деп эсептеген үй-бүлөөлөрдө жашыруун түрдө кыздарын эрте эле турмушка берүү фактылары орун алууда. Бул боюнча айрым фактылар аныкталып, кылмыш иштери козголгон. Кыздар да өз укуктарын билбегендиктен же ата-энесине каршы чыга албагандыктан айласыздан эрте эле турмушка чыгышат. Кийин жашоодо болгон ар түрдүү көйгөйлөрдүн айынан ажырашуудан же бир жакка арыздануудан тартынышат. Көбүнчө мындай никелер Кыргызстандын мыйзамдарына дал келбегендиктен, расмий органдарда катталбай калат.

- Мурдатан эле өлкөнүн түштүк аймагында ислам дининин таасири чоң экендиги маалым. Кыргызстандагы 2500дөн ашуун мечит, намазкана, медреселердин 70% көбү түштүк жергесинде жайгашкан. Ошол эле учурда аймакта башка христиан багытына тиешелүү диний уюмдар дагы бар. Диндер аралык өз ара ымала, сабырдуулук жергиликтүү, райондук, облустук деңгээлде кандай сакталып жатат?

- Ооба, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында республиканын башка облустарына салыштырмалуу диний уюмдардын жана диний окуу жайлардын саны бир нече эсеге көп. Азыркы учурда түштүк чөлкөмүндө бардыгы болуп 2379 диний уюмдар жана диний окуу жайлар ишмердүүлүк жүргүзүүдө. Алардын ичинен ислам багытында 4 казыят, 27 хатибият, 5 ислам институту, 1 коллеж, 59 медресе, 37 окуу борбору, 1953 мечит, 23 фонд, 1 теологиялык факультет, 1 теологиялык коллеж, 1 гимназия бар. Христиан багытындагы 46 диний уюм, 1 орто мектеп иштеп жатат. Бахаи багытындагы 4 уюм, Жахабанын күбөлөрүнүн 1 уюму жана 2 филиалы расмий түрдө катталып, иштеп келет. Каттоодон өтө элек жалпы 240 диний уюмдар бар.

2015-жылдан бери республиканын түштүк аймагы боюнча бардык диний объектилерге мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасында мыйзамсыз окутуу боюнча 12 факты жана эсептик каттоодон өтпөй иштеп жаткан 998 диний уюмду аныктадык. Алардын ишин мыйзамдаштыруу боюнча 212 жетекчиге жазуу жүзүндө эскертүүлөрдү жана сунуштарды бердик. 4 диний кызматкер мыйзам бузгандыгы үчүн иштен алынып, 2 кызматкерге казыяттар аркылуу эскертүү берилди.

Негизинен, бул багытта түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 255 ирет жолугушуулар жана 289 текшерүү, диний кырдаалга мониторинг жүргүзүү боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. 22 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү текшерилди. 690 диний уюмдун, 29 диний окуу жайдын жана 38 окуу борборлордун ишмердүүлүгү мыйзамдаштырылып, эсептик каттоого алынды. 21 уюм кайрадан катталды. 17 диний уюмдун ишмердүүлүгү токтотулду.

-Диний негиздеги түшүнбөстүк, чыр-чатактар, укуктардын бузулуусу менен басмырлоо дагы орун алып жатабы?

- Расмий түрдө каттодон өтүп, мыйзамдын алкагында иштеп жаткан диний уюмдардын ортосунда түшүнбөстүктөр, чыр-чатактар, укуктардын бузулушу жана басмырлоо фактылары жок. Диний уюмдардын арасында кандайдыр бир карама-каршылыктар да кездешпейт. Негизинен, диний бирикмелердин ортосундагы мамиле туруктуу өнүгүүдө. Бирок, диний негизде радикалдашкан аймактар, адамдар бар. Булар расмий диний уюмдардын кызматкерлери эмес. Радикалдашуунун негизги себептери - ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын, өзгөчө «Хизб ут-Тахрир» сымал диний экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн көп экени. Буга жаштардын, калктын арасында диний, дүйнөбий жана укуктук жактан сабатсыздыктын кеңири жайылышы себеп болууда. Диний, укуктук сабатсыздыктан, мыйзамдарды билбестиктен, «дүйнөбий» деген түшүнүктү дин тутунгандар да, өзүн дүйнөбий көз караштамын деп эсептеген адамдар да туура эмес түшүнгөндүктөн айрым кайчы пикирлер жаралып жатат.

- Тыюу салынган экстремисттик, террористтик уюмдардын өсүү же басаңдоо тенденциясы канчалык? Өз актуалдуулугун жоготпой сактап келе жаткан диний экстремизм, радикализм көйгөйлөрү учурда канчалык чечилүүдө?

- Албетте, Кыргызстанда ар түрдүү диний деструктивдик, экстремисттик жана террористтик топтордун ишмердүүлүгүнүн жанданышы акыркы убактарда өзгөчө чочулоону туудурат. Бул маселенин, мындай пикирлердин жайылуу көйгөйү алардын алдын алуу максатында мамлекеттин ыкчам кийлигишүүсүн талап кылат.

«Чыныгы мусулман башка динге тил тийгизбейт»
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:33 0:00
Түз линк

Кыргызстанда соттордун чечими менен 21 уюмдун, 8 интернет сайттын жана 1 автордун материалдары, жергиликтүү авторлордун 3 китеби жана 1 фильм экстремисттик жана террористтик деп табылып, тыюу салынган 2 диний уюмдун иши токтотулган.

Биз мамлекет тарабынан таанылган ханафий укуктук мазхабына жана матурудий акыйда ишенимине таянган «салттуу ислам» түшүнүгүнүн негизинде мамлекеттик түзүмдөр, укук коргоо органдары, диний уюмдар, аалымдар менен биргеликте маалыматтык, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Аткарылган иштердин натыйжасында жарандарыбыздын экстремисттик жана террористтик уюмдардын катарына кириши, чет өлкөлөрдөгү динди чүмбөт кылып, жалган жихадга, такфирчилик согуштарга азгыруулар кескин кыскарды. Мисалы, Сириядагы согушка мурда кеткендерди эсепке албаганда, кийинки учурда ал жакка кетүү такыр токтоду десек болот.

- Дин иштери боюнча комиссия бул көйгөйлөрдү чечүүдө кандай жумуштарды аткарып жатат?

- Биздин түштүк аймактык бөлүм өзү эле акыркы жылдары 1700дөн ашуун маалыматтык, түшүндүрүү, алдын алуу иш-чараларды жүргүздү. Диндер аралык мамилени чыңдоо максатында Ош, Баткен, Жалал-Абад шаарларында бардык диний уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен «Кыргызстандагы диндер аралык диалог» аттуу аймактык форумдар өткөрүлдү. Аялдардын, өзгөчө жаштардын арасында радикалдашуу, динди туура эмес түшүнүү фактылары орун алып жаткандыктан, диний окуу жана маалыматтык борборлордун ишин жандандырдык. Аялдарга, жаштарга салттуу исламды, мамлекеттин мыйзамдарын түшүндүрүү, укуктук жактан маалыматтарды берүү жаатында бул борборлор жакшы жемишин берди. Азыркы учурда 34 борбор каттоодон өтүп иштеп жатат. Анын ичинен 23 окуу борбору аялдарга багытталган.

- Кыргызстандын коомдук-саясий жашоосунда болуп жаткан жараяндарда дин же диний фактор канчалык роль ойноп жатканын пандемия учурунда, шайлоолор мезгилинде, акыркы эле кездеги муфтияттын айланасында түзүлгөн кырдаал учурунда көрдүк. Көптөн бери дин багытында иштеп жаткан адис катары бул көрүнүшкө кандай баа бересиз?

- Албетте, коомдо жашап туруп, коомдон сырткары болууга мүмкүн эмес. Диний уюмдар деле биздин коомдун бир бөлүгү. Оор шарттарда, табигый кырсыктарда, кандайдыр бир көйгөйлөр жаралганда диний уюмдар чоң салымын кошуп келе жатышат. Пандемия учурунда деле калктын аялуу катмарына, ооруп калгандарга көп жардам беришти. Мечиттерди, медреселерди стационарларга айландырып, пайдаланууга уруксат берилди. Көптөгөн гумманитардык жардам да беришти. Ошол эле учурда мусулмандардын колдоосуна ээ болуу максатында айрым саясатчылар диний баалуулуктарды саясий процесстерге пайдаланууга аракет жасап жатышат. Алар шайлоо учурларында диний риторикалар менен элге чыгышат. Диний объектилерди куруу, диний уюмдардын иш-чараларына активдүү катышуу тенденциялары пайда болууда. Кээде бир тараптуу диний чакырыктар, лозунгдар менен дагы чыгышууда. Башка тараптардын көз карашын сыйлабоо, жалпы элди бир калыпка салууга аракет кылуу жакшылыкка алып барбайт. Ушуга байланыштуу динди саясатташтыруу коркунучу пайда болду. Ар бир адам, ар бир саясатчы кайсы бир саясий өңүттөгү иш-чараларда Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоого милдеттүү. Диний толеранттуулук, урмат-сый маселелери исламда да чоң мааниге ээ эмеспи. Мухаммед пайгамбардын Мединадагы бардык диндердин өкүлдөрүн, дин тутунбаган адамдарды да бириктирип, шаарды өнүктүрүү, коргоо, тынчтыкты сактоо боюнча түзгөн келишими бүгүнкү күнгө чейин өз актуалдуулугун жоготпой, дүйнө коомчулугу тарабынан «Медина келишими» же «Медина Конституциясы» деген атты алып жүргөнү, диндер аралык мамиледе эталон катары колдонулганы бекеринен эместир.

- Даават маселесинде да бир топ кайчы пикирлер айтылууда...

- Ооба, азыркы учурда социалдык тармактарда «даават токтотулат экен, кайсы бир жетекчи же болбосо кайсы бир орган дааватты токтотот экен» деген маалыматтар, билдирүүлөр тынбай тарап атат. «Дааватты токтотууга жол бербеш керек» дегендер да бар. Мындай пикирлер негизсиз. Муну мен айрым адамдар тарабынан, интернет тармактарында «фейк» деп аталган аты-жөнү белгисиз кишилер тарабынан мамлекеттик органдарды, анын ичинде Дин иштери боюнча комиссияны каралоого багытталган маалымат деп эсептейм. Азыркы учурда бул маселе эч бир мекеме-ишкана тарабынан демилгеленген жок. Мамлекет тараптан дааватка байланышкан процессти толук токтотуп салууга багытталган иш жүргүзүлгөн эмес. Муфтият менен Дин иштери боюнча комиссия көп жылдан бери дааватчылыкты токтотуу эмес, аны ирээттештирүү, тартипке салуу боюнча бир топ иштерди жүргүзүп жатышат.

-Диний чөйрө бир эле түштүк чөлкөмүндө эмес, өлкө боюнча диний абалды мындан ары ырааттуу улантуу, мамлекет менен диндин ортосундагы мамилелерди жакшыртууга багытталган кандай кечиктирилгис кадамдарга муктаж деп эсептейсиз?

- Жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөр мамлекеттик түзүмдөрдүн, укук коргоо органдарынын жана расмий диний уюмдардын бул багыттагы түшүндүрүү, алдын алуу, мыйзам чыгаруу, укуктук-маалыматтык, уюштуруучулук иш-чараларын күчөтүүнү талап кылат. Дин иштери боюнча комиссиянын өзүнүн ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлге, заманбап чакырыктарга ылайыктап кайра түзүшүбүз керек.

Дин комиссиянын алдында түзүлгөн «Диндер аралык кеңештин» ишин да жаңы баскычка көтөрүү зарыл. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарын диний маселелерди ырааттуу алып барууга, көйгөйлөргө дыкат көңүл бөлүүгө багыттоо зарыл. Алар өзүнүн аймагындагы диний уюмдар менен кызматташууну бийик даражага көтөрүшү шарт деп эсептеймин. Көптөн бери демилгеленип, аткарылып келе жаткан диний билим берүүнү өркүндөтүү, реформалоо абзел. Диний чөйрөгө тиешелүү болгон уктук-ченемдик актыларды кайра иштеп чыгуу боюнча иштер да аткарылууда.

«Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам өзгөрүүгө муктаж. Ал 1991 – жылы кабыл алынды. 2008 -жылы жаңыланды. Андан бери мына 13 жыл өттү. Азыркы замандын талаптары башка болгондуктан, биз тараптан дин боюнча мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизген мыйзамдын долбоору даярдалган. Долбоор ар түрдүү саясий процесстерге байланыштуу азыркы чакырылыштагы депутаттар тарабынан каралбай калды. Ушул мыйзамдын кабыл алынышын тездетүү керек. Мыйзам долбоорун дагы бир жолу талкуудан өткөрүп, азыркы учурда пайда болуп жаткан көйгөйлөрдү тенденцияларды, факторлорду эске алуу менен электен өткөрүп туруп, кабыл алсак.

Андан тышкары «Диний жана дин таануучулук билим берүү жөнүндөгү” жобо өкмөткө сунушталган. Жобону кабыл алсак бул багыттагы көптөгөн иштер алдыга кетмек.

«2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын» кабыл алуу дагы диний чөйрөдөгү маселелерди чечүүгө жардам бермек.

Муфтият чыры жана дин саясаты
please wait

No media source currently available

0:00 1:09:06 0:00

XS
SM
MD
LG