Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Концепция: Жарандардын диний радикалдашуусу актуалдуу маселе бойдон калууда


Диний экстремизмге айыптуулардан табылган китептер. Иллюстрациялык сүрөт.
Диний экстремизмге айыптуулардан табылган китептер. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жарандардын диний радикалдашуусу актуалдуу маселе бойдон кала берүүдө. Бул тууралуу Дин тармагындагы мамлекеттик саясат боюнча концепциянын жаңы долбоорунда жазылды. 2021-2026-жылдарга карата концепциянын долбоору бүгүн, 9-мартта Бишкекте талкууланууда.

Буга чейинки беш жылдык концепциянын жыйынтыгында айтылгандай, Кыргызстан дүйнөбий мамлекет экендиги боюнча принциптин бузулушу коомдук резонанс жараткан эң орчундуу маселе болуп жатат.

Буга айрым диний лидерлер мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүү, дин факторун саясий ресурс катары колдонуу аракетин жасаганы жана мамлекеттик кызматкерлердин өз ишинде бейтараптуулук принцибин сактабаганы себеп экени белгиленди.

Ошону менен катар «кээ бир адамдар өз милдеттерин диний көз карашынан улам аткаруудан баш тартып жатышканы, жарандардын радикалдашуусунун актуалдуулугу сакталып жатканы», дин жаатындагы нормативдик -укутук база так эместиги да айтылды.

Карманган динине байланыштуу зомбулукка үндөгөн, көп аял алууну, өспүрүм кыздарды күйөөгө берүүнү жана башка басмырлоочу иштерди жактаган адамдар бар экени, ошол эле учурда кээ бир белгилүү адамдар тигил же бул диний топко карата стереотиптик мамиле жасап жатканы, диний билим берүү багытында маселелер бар экен белгиленди.

Концепциянын авторлорунун пикиринде, радикалдуу диний агымдардын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга кирүүсү, калыптанып калган мамлекеттик-конфессиялык мамилелерге жана конституциялык түзүлүшкө келтирген коркунучу жогору болууда.

Быйылкы жылдын расмий маалыматына караганда, Кыргызстанда 3348 диний уюм каттоодо турат, алардын 2930у ислам, 404ү христиан багытындагылар. Мындан тышкары Кыргызстанда 12 Бахаи, 1 иудей жана 1 буддисттик бирикме бар.

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган. (RK)

XS
SM
MD
LG