Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Нооруз, үрп-адат жана диний агымдар


Ноорузду майрамдаган жеткинчектер. Бишкек. 2019-жылдын 21-марты.
Ноорузду майрамдаган жеткинчектер. Бишкек. 2019-жылдын 21-марты.

Улустун Улуу күнүн майрамдайлыбы, же жокпу?.. Босогобузга жакындаган нооруз майрамы тууралуу блогчу Элмурат Кочкор уулунун сереби.

Нооруз майрамы жакындап келе жатат. Жашыл жаздын кирип келишин майрамдагысы келген, бирок бир тараптан бейиштен да кур жалак калгысы келбеген кишилер "майрамдасам бекен, же тек эле коюшум керекпи?" деп экөөнөн бирин кыя албай турушса керек...

Негизи ноорузду майрамдаса болоорун же болбостугун мынтип талкуу темасы кылыштын деле кереги жок болчу, менимче. Анткени бул жөнөкөй гана маселе. Бул үчүн элди коркутуп үркүтүүгө, капырдык менен айыптоого, шариятка такоого (менимче) негиз жок.

Бирок тилекке каршы коомчулукта айрым замандаштар бул майрамды ашыкча диний мааниге жана маңызга ээ катары көрсөтүп, кээ бир туура эмес негиздер менен дүрбөлөң жаратып жаткандыгы үчүн мен да пикир бөлүшүп коюуну туура көрдүм.


"Үрп" сөзүнүн маанилүүлүгү
Үрп-адат сөзүндөгү "үрп" сөзүн тууралуу кеп кылалы. "Адат" сөзү аң-сезимдүү эмес түрдө, көп кайталанган нерсени туюнтат, арапчадагы уңгусу да "кайталоо" деген мааниден келет. Бул сөз канчалык биздин тилибизде "үрп" менен кошо колдонулганы менен экөө эки башка мааниге ээ жана бул жерде маселеге түздөн-түз тиешеси болбогондуктан буга токтолбойбуз.

"Үрп" сөзүнүн этимологиясын карап көргөндө, "табияты айныбаган адамдын акылына, абийирине туура келгендиги үчүн анын көңүлү/көөдөнү, жүрөгү тарабынан кабыл кылынган нерсе" деген маани чыгат. Бул аныктаманы ислам маданиятынын көрүнүктүү аалымдарынын бири, борбордук азиялык ханафий ойчулу жана укук адиси Абдулла ибн Ахмад Абу-л-Баракат ан-Насафинин (1310-ж. өлгөн) эмгегинен окуу мүмкүн.

Көрүнүп тургандай, "үрп" бир коомго качандыр бир убакта чоочун көрүнүш катары кирген, бирок ал коомдун акылына, абийирине, дүйнө таанымына карама-каршы келбегендиги үчүн, тескерисинче, алар менен эриш-аркак маңызга ээ болгондугу үчүн коом тарабынан кабыл кылынган, өзүнө сиңирген көрүнүш болуп эсептелет.

Нооруз майрамы – Ортоңку Чыгыш менен Борбордук Азиядагы көп этностор үчүн эзелтеден келген орток майрам. Дүйнөдө эч бир маданият чөйрөсү башка маданият очоктору менен ала-катышка өтүп, бири-бирине таасирин тийгизбестен обочодо гана калыптанбаган болсо керек.

Каапырдын майрамы катары сыпаттап, аны майрамдагысы келгендердин жүрөгүн түшүрүүгө тарыхый негиз жок. Эгерде нооруз майрамы коомдук зыянга, башаламандыкка, бузукулукка алып бара турган маңызга ээ болсо аны тыюу толугу менен орундуу болмок. Мындай учурда аны тыюуга дин да, кадимки элдик акыл да тараптар болмок.

Нооруз майрамынын айрым элементтери тегинен көөнө кыргыз маданиятына тиешеси болбогон чакта да, айрым элементтери теңирчилик доорундагы жөрөлгөлөрдө сакталып келген (маселен, от менен аластоо – Алтай, Сибирдеги мусулман эмес түрк калктарында да сакталган).

Теңир-Тоодогу кыргыздар ислам динине өткөн чакта деле тарыхый баалуулуктарыбыз айрым жөрөлгөлөр, анын ичинде нооруз майрамын – Улустун Улуу күнүн майрамдоо аркылуу сакталып калган. «Навруз» сөзү да кыргыздаштырылып, «оруздама», «ооруз», «нооруз» сөздөрү «Улустун Улуу күнү», «көп көжө майрамы» сыяктуу терминдерге жанаша колдонулган.

Кыргызча Орузбай, Ноорузбай, Орозбек, Орозбай ысымдары жана урук аталыштары келип чыккан.

Ислам жана үрп-адат
Кыргызстандын тарыхый тажрыйбасын алсак, "өзүнөн мурдагы үрп-адатты толугу менен сүрүп чыгуу жана ислам жайылгандан кийин да эч кандай жаңы көрүнүштү жолотпоо керек" деген принцип айыгышкан каршылыкка учураган.

Тирешүүлөр акырындап сабырдуулук менен ыңгайлашуу салтына орун берген.
Ошентип, акылга, логикага, кишилик абийирге туура келген исламга чейинки жакшы үрп-адаттар кайра эле ошол коомдо ургаалдуу бойдон кала берген.

Ислам дининин ханафийлик сыяктуу сабырдуу агымдарынын жаңы же эски жөрөлгөгө, көрүнүшкө же кыймыл-аракетке карата байистүү мамилеси Борбордук Азиядагы коомдук турмушта үстөмдүк кылган.

Демек, ислам дининин кыргыздын этностук өздүгүнө (иденттүүлүгүнө) деле болочокку мамилеси так ушундайча болууга тийиш.

Ал эми "нооруз майрамы мусулмандарга пайда келтирбейт. Аны майрамдоо туура эмес" деген тыянак тайкы болуп саналат. Анткени нооруз майрамынын кыргыз маданиятын талкалагандыгы, мусулманчылыктын негиздерине караманча каршы келгендиги тууралуу айрым азыркы бүтүмдөр ачык далилге эмес, сокур ишенимдик жоромолго гана таянат.


Коомубузда нооруздун майрамдалышы
Отко табынуучулуктун жана теңирчиликтин майрамы катары айрымдар жеригиси келген бул майрам, жеке оюмча, от менен байланышы жоктой эле калыптанган экен. Нооруз күнү түнкүсүн көчөгө от жагып, адатта жаш балдар ойношот. Бирок эч кандай диний, ишенимдик жөрөлгөлөрдү кезиктирүү мүмкүн эмес. Жайлоодогу ак чөлмөк оюнундай эле кеп. Жаш балынын оюндан дагы да маанилүү эмне иши болмок эле?

«Нооруз», «Улустун Улуу күнү» дегенде жаздын келишин майрамдоо, "оорубай-сыркабай дагы бир кышты өткөрүп алдык" деп кубанган карыялар, көңүлү жакын кишилер, туугандар, коңшулар, достор чогулуп, сүмөлөк бышыргандары, жыл башы катары кабылданып айтылган жакшы каалоо-тилектер, бата сөздөр эске түшөт.

Балким, аймактык бир өзгөчөлүк болушу мүмкүн, Кыргызстанлын Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Шоро-Башат деген айылыбызда бул күнү "Эл Кудайы" (аны «дарушана» деп да коюшчу) деп аталган жөрөлгө да өтөт. Кыргыздын ичкилик тобуна кирген кыпчак уруусунун жана оң канат, сол канатка кирген урууларынын өкүлдөрү эриш-аркак жашаган бул айылдын бардык тургундары катышкан бул иш-чарада, шорпо, аш бышырылат.

Айылдын тургандары жаздын келишин шаңдуу тосуп алуу максатында чогулуп тамак жешет, жаш балдар ойношот, калайык элдик оюндар аркылуу көңүл ачат.
Бир жылдык мөөнөт менен айылыбыздын айыл башчысы, эл башчысы, айылдын (кой жана уюн төлөмдүн негизинде багуучу) малчысы, койчусу шайланат. Айылдын көйгөйлүү маселелери талкууланат. Өзгөчө аксакалдар жылуу сый көрүп олтуруп кетишет.

Мындай маңыздагы майрам биздин үрп-адатыбызга, акылыбызга, абийирибизге төп келет. Илгертеден табият менен таттуу мамиледе болуп жашап келген кыргыз үчүн жаздын келиши маанилүү. Анткени көчмөн жашоодон тартып аш-оокатыбызды толугу менен табияттан гана өндүрүп келгенбиз...

Өтмүштө соода-сатык жана исламды жайылтабыз деп согушуп, далай жерди басып алган тараптардын айрым топтору үчүн жаздын келиши жана күн-түн теңелиши учуру өзгөчө мааниге ээ болбогон чыгаар. Бирок чарба менен жан баккан Евразиядагы көптөгөн элдер үчүн жазындагы күн-түндүн теңелиши өзгөчө орунга ээ болгон.

Нооруз майрамы тууралуу эң эски маалыматтарды иран маданиятынын тарыхынан аарбын кездештирүү мүмкүн экендиги маалым. Майрам перс маданиятында да жамандыктан, ачкачылыктан арылуу, жаңы күнгө баштоо деген маанини туюндураары тийиштүү булактарда жазылат. Демек табият менен мамиле кылуу аркылуу тиричилигин өткөргөн элдерде бул майрамдын майрамдалып келатышы да жөн жеринен эмес.

Бул майрамды толугу менен эле перстерге бир беткей энчилеп берүүнүн өзү деле талкуу үчүн ачык маселе. Пикирибизде, алардан көз карандысыз эле бабаларыбыз бул жаз майрамын белгилешкен.


Ноорузду майрамдоо динден чыгарабы?
Негизи бир адамга "Муну кылсаң же кылбасаң динден чыгып каласың." деп өкүм берүү аябай оор нерсе. Башкача айтканда, бир киши оңойчулук менен кайсы бир динден чыкпайт.

Исламдын жана башка диндердин ишеним негиздери калайыкка дурус белгилүү.

Мына ошол ишеним негиздеринин бирин же бир канчасын ачык-айкын четке каккан учурда киши тиешелүү динден чыгат. Ал эми ал диний ишеним шарттарынын ичинде «Ноорузду майрамдабоо керек» деген эч бир шарт жок.
Бир эле өлкөбүздө эмес, дүйнө жүзүндө ар кыл диндерден чыгаруу (ислам дининде «каапырдыкка чыгаруу») көп кездешчү, балким модага айланган көрүнүшкө айланып калды.

Эң кызыгы, динден чыгарчу критерийлер жамааттан жамаатка, топтон топко, динден динге өзгөрүп калгандыгын көрүүгө болот.

Нооруз майрамына негедир айыгыша катуу каршы тургандар: "Нооруз – отко табынуучулардын майрамы. Муну майрамдаса, киши отко сыйынгандай болот. А бул болсо "Жалгыз Алла-таалага ишенүү керек" деген исламдын ишеним негизине каршы келет. Ошондуктан аны майрамдаган киши Кудайга атаандаш шерик кошкон болот", – деген негизди бетке кармашат экен.

Мындайча айтканда, бул жоромолду туткандар ноорузду майрамдоону исламдын ишеним негиздеринин бирин четке кагуу катары жоромолдошот.
Бул көз караштын тек гана бир жоромолдон, тыянактан тураарын, керт башына айныгыс акыйкат эмес экендигин унутпоо керек.

Ноорузду майрамдагандарды каапыр көргүсү келген тараптын таянган жери – так мына ушул. Таянган бул негизин бир ой-пикир, жоромол, тыянак катары эмес айныгыс акыйкат катары көрүп алгандыгы – мусулман ой-чабытындагы кылымдар бою айыга албай келе жаткан «караңгылык» жана «сокур ишеним» деген агымдын кесепети болуп эсептелет.

Ислам динин кабыл алуу дагы, андан чыгуу дагы аң-сезимдүүлүктү талап кылат.
"Жүрөгүң менен ыйман келтирбесең, ыйманың кабыл болбойт, көңүл коюп окубасаң, намазың кабыл болбойт, эл көрсүн үчүн кылган жакшылыгыңа сооп жазылбайт, билбей кылып алган ката-кемчиликтериңди чын ыклас менен кечирим сурасаң, Кудай кечирет", – деп диний жол башчылар байма-бай айтып жүрөт. Бул – туура көз караш.

Көрүнүп тургандай, кайсы бир динге кирүүдө да, ошол динден чыгуу да аң-сезимдүүлүктү талап кылат.

Андай болсо, Нооруз майрамын майрамдаган кайсы кыргыз ошол күнү отко аң-сезимдүү түрдө сыйынат, оттон жардам күтөт, аны Кудайы катары көргүсү келет болду экен?..

Ким отко табынуучу болгусу келгендиги үчүн эле ушул майрамды майрамдайт болду экен?

Ноорузду майрамдоо аркылуу отко табынуучулукту биздин коомго таңуулап, зыян берип жатканын айткандар арабызда жок эмес.

Менимче, алар 1990-жылдардан көп өтпөй эле салыштырмалуу жигердүү майрамдалып келе жаткан бул майрамдан улам канча киши отко табынуучу болуп кеткенин тактап, ошого карап ноорузга карата өз турумун бышыктап алса туура болмок экен. Мындан сырткары, эркин, укуктук өлкөдө жашаган киши – бардык жарандарды мусулманчылыкка же башка динге гана ыктатуу зарыл деген озуйпага ээ болбоого тийиш.

Укуктук жактан коркунуч туудурбаган соң, ар бир жаран өз ишенимин эркин тандоого жана жашоого укуктуу.

Деги, ноорузду майрамдап койгондун ниетин дароо жаманга жоруп, аны бир туугандыктан кечип ийе турганчалык жек көргөн аң-сезимди түшүнүп жетүү кыйын.

Анткени, алтургай Мукамбет пайгамбар деле бирөөнүн ниетин биле алчу эмес жана башка диндин мүчөлөрүнө болушунча сабырдуулук (толеранттуулук) менен мамиле кылган.

Мукамбет пайгамбардын сакал койгонун өрнөк алууда кылдай ката кетирбеген кээ бир бурадарлардын бул сабырдуулук маселесине келгенде пайгамбардын өрнөгүн унутуп, анын насааттарына кулак бербей калганынын бир эле себеби болот деп ойлойм. Ал – караңгылык.


Пайгамбар ноорузду майрамдоону тыйганбы?
Ноорузду майрамдагандарды сындоо үчүн Мукамбет пайгамбарды өрнөк катары ортого салгандар да бар.

Пайгамбар буга окшогон майрамды тыйгандыгы тууралуу хадис биринчи жолу сунний ойчулу жана диниятчысы Ахмад ибн Ханбал аш-Шайбанинин (780-жыл, Багдад — 855-жыл, Багдад) калемине таандык "Муснад" (مسند) аттуу эмгегинде жазылган.

Абу Дауд (Абу Дауд Сулайман ибн Ашат ибн Исхак ас-Сижистани; 817–888) жана казы Ахмад ибн Шу’айб ибн Санана Абу Абду-р-Рахман ан-Насайи (болжол менен 842–916) сыяктуу көрүнүктүү хадисчилер өздөрүнүн эмгектеринде бул хадисти «Муснадга» гана таянып колдонушкан.

Эң кызыгы, «Муснаддагы» тийиштүү хадисте "нооруз" сөзү эч айтылбаган.
Тийиштүү хадисте Мукамбет пайгамбар Мекеден Мединага барган учурда жергиликтүүлөр бир исламга чейинки майрамды майрамдап жатканда, ага карата: "...мунун ордуна мындан дагы да жакшыраак эки майрам..." бар деп, исламдагы эки майрамды (орозо айт, курман айт) сунуштаганы айтылат.
Биринчиден, мында эч тыюу жок, "дагы жакшыраак" деген сунуш бар.

Экинчиден, бул майрамдын негизинде пайгамбар араптардан башка чыгыш элдери белгилеген нооруз майрамы тууралуу араптардын шаары Мединада айткан деп тыянак чыгаруу – бул факт менен эч негизделбеген жоромолго таянууну эле айгинелейт.

Мукамбет пайгамбардын ноорузду майрамдоону тыйгандыгы анык болгон күндө да, муну XXI кылымдын башындагы айдыңдык коомдогу кыргыздарга таңуулоо – орунсуз.

Анткени пайгамбардын мединалык араптардагы жергиликтүү эски майрамдардын биринин майрамдалышын жактырбагандыгын башка элдердин таптакыр бөлөк майрамына дароо жайылтуу – анахронизм.

Эгерде тагдыр туш кылып, Мукамбет пайгамбар мусулман кыргыздардын ноорузду майрамдап жатканын көрсө, ага каршы чыкмак деле эмес. Анткени нооруздун биздеги майрамдалышы учурунда эч ким исламга каршы өнөктүк жүргүзбөйт; бата берүүлөр ата-бабанын арбагына багыштап, бери дегенде «Фатиха» сүрөөсүн окуу сыяктуу жөрөлгөлөр менен коштолот.

Тескерисинче, исламды көчмөн жана отурукташкан түрк калктарына тынч жол менен таркаткан сопучул агымдардын ойчул өкүлдөрү биздин маданий эс-тутумубуз менен нооруздун эриш-аркактыгына тан берип, колдоп деле жүрүшкөн.

Анткени, ар бир коомдун руханий, географиялык, маданий, психологиялык, этно-социалдык абалы жана мурасы аздектелиши керектигин сопучул философтор мыкты аңдашкан, алардын элдик майрамдарына жана жөрөлгөлөрүнө сабырдуулук менен ыңгайлашууга далаалат кылышкан.


Не дейбиз эми?
Өлкөбүздөгү белгилүү диний катмарлардын өкүлдөрүнүн нооруз майрамына айыгыша каршы чыгуусун жөн гана ишеним, ой-пикир же интеллектуалдык бир принцип катары гана көрүү мүмкүн болбой калды.

Жеке пикиримде, бул майрамга каршы чыккандардын дүйнө таанымы – кыргыз иденттүүлүгүнө тиешелүү бир топ нерсеге да жылуу, сыпайы көз карашта эмес. Ноорузга каршы чыгуу – алардын улуттук баалуулуктарга каршы күрөшүнүн бир гана мисалы.

Негизи, бул окуя – маданият чөйрөлөрүнүн өз ара согушунун натыйжаларынын бири. Канчалык четке какпайлы, ислам дининин баалуулуктарына ороп, акырындык менен «арапташтыруунун» жайылтылып жаткандыгы – турмуштук чындык.

Муну көчөдө уюк телефондун камерасын ачып алып, ажаанданган интернеттеги социалдык желелердеги айрым «билермандар» түшүнбөйт.

«Биз – мусулманбыз, улут дегенди тааныбайбыз. Исламда эки эле майрам бар, калганы – бидат (калпыс жаңылык)», – деген ойдо жүргөндөр кимдин камчысын чапкылап жатканынан кабары деле жок.

Албетте аларга таарыныштын же ачуулануунун кажети жок. А бирок араптардын, өзгөчө салафийлик же ваххабийлик түшүнүккө төп келбеген маданий, үрп-адаттык баалуулуктарга катуу душман болуп кеткендердин көбөйүп кетиши – аң-сезимдүү түрдө ташталган бир кадамдын «мөмөсү» го дейм...

Көчөдө көкүрөк кагып, акылга эмес өзүнүн диний жол башчысына гана кулак салган, өзүн исламдын бекем коргоочусу катары сыпаттап алган билимсиздердин катмарын пайда кылуу, ал катмарды калыңдатуу – өзүнөн-өзү пайда болуп калган жагдай экенине саал ишенбей турам...

Нооруз майрамына болгон заар чачып каршы чыгууларды да ушул алкакта түшүнүү орундуу.

Кыргыз мусулман катары, бизди башка улуттардан айырмалап, обочолондуруп турган, б.а. кыргызды кыргыз кылып турган баалуулуктар менен ислам баалуулуктарын тең салмакта кармап, динге жамынып келген идеологиялык түшүнүктөргө каршы туруу – атуулдук озуйпа болууга тийиш.

Биз бир нерсени тактап алышыбыз керек. Биз сабырдуу исламды тандап жатабызбы, же кимдир бирөөлөрдүн исламга карата ашынган эскичил түшүнүгүн тандап жатабызбы?

Бул нерсени жакшы түшүнгөн жергиликтүү аалымдардын басымдуу бөлүгү ноорузду мусулманчылыкка каршы койбой эле майрамдоону туура көрүп, аны улуттук бир маданий байлык катары кабыл алып алган.

Бул тууралуу өз учурунда «Ноорузнаамалар» да жазылган. Мисал катары сопу ойчулу (тасаввуф), укук (фыкх) жана хадис илимдеринин аалымы Кожо Али Хаким Термезинин (859–932) «Наврузнама» аттуу эмгегин айтууга болот. Бул эмгекте нооруз аптанын кайсы күнүнө туура келсе, ал жыл кандай өтөөрү тууралуу божомолдор; эгин-тегиндин мол болушу, жамгырдын жаашы, кыштын узундугу, кымбатчылык же арзанчылык, мал-жандын ошол жылкы абалы тууралуу жана башка табият менен мамиле кылып жан баккан калайыкка керектүү жагдайлар баяндалган. Анан да мөмө-жемиш же дандардын касиеттери тууралуу да жазылып турган.

Ал тургай бул китепте мазмуну ноорузга түз тиешеси болбосо да, нооруз күнү окуп, андагы терең маанилерди талдоо максатында тандалган хадистерге да орун берилген. Кыскасы, өз учурунда нооруз күнү өзгөчө ошол тандалма хадистерди окуп, талдап, маанисин түшүнүү – майрамдык бир жөрөлгө болгон экен.

Улут катары сакталып калышыбыз так ошол көөнө улуттук эс-тутум, карманган баалуулуктарыбыз жана дүйнө таанымыбыздан улам гана мүмкүн болгон. Андыктан, жаңы баалуулуктар менен салт катары сактлып келген улуттук баалуулуктардын жуурулушуусуна аяр мамиле жасоо керек.

«Улуттук баалуулуктардан диний баалуулуктар жогору турат» деген ойду алып келген эч бир диний түшүнүккө азыркы коомдо орун бербөө керек. Бул алкакта оюмду бир сүйлөмгө батырып айтыш керек болсо: «ислам биздин «кыргыз мусулман» болуп жашап өтүшүбүздү буюрат...», – демекчи элем...

Элмурат Кочкор уулу
Элмурат Кочкор уулу

Бүткүл кыргызстандыктарды жаз мезгилинин кирип келиши менен куттуктайм.

Жаңы жыл, Улустун Улуу күнү – ылайым жаңы демдин, мээнеттин, үмүттүн башталышы болсун!

Дыйкандарыбызга кампа толтурган жыл болуп берүүсүн, ал эми жалпы элибизге - ынтымакты жана демократиялуу жумуриятыбыздын бийик өрүшүн тилейбиз.

Элмурат Кочкор уулу,
блогер, Түркия.
Ред.: Автордун ойлорун “Азаттыктын” редакциялык туруму катары кабыл албоо керек.

XS
SM
MD
LG