Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» бекети 1-апрелде иштей баштайт


«Каркыра» көзөмөл өткөрүү жайы. Архивдик сүрөт.
«Каркыра» көзөмөл өткөрүү жайы. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Каркыра» көзөмөл-өткөрмө бекети 1-апрелден тартып кайра иштей баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан «Каркыра» бекетинен адамдар, транспорт каражаттары, жүк, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт.

Өткөрмө бекети 2020-жылдын 1-декабрында жабылган. «Каркыра» бекети 08:00 баштап 18:00 чейин иштейт. Казакстанга барарда адамдар казак тараптагы эпидемиологиялык абалды жана чет өлкөлүктөргө киргизилген чектөөлөрдү эске алышы керек.

Кыргыз-казак чек арасында «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Кең-Булуң», «Чоң-Капка», «Каркыра» бекеттерин кошкондо жалпысынан 12 өткөрмө бекет бар. Анын ичинен беш автоунаа жана бир темир жол өткөрмө жайы иштейт. (BTo)

XS
SM
MD
LG