Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:22

Эмир Чукуевдин тарапташтары Ленин райондук сотунун алдына чогулушту


Эмир Чукуевдин тарапташтарынын митинги. 2021-жыл. 18-март. Бишкек.
Эмир Чукуевдин тарапташтарынын митинги. 2021-жыл. 18-март. Бишкек.

Бишкектеги Ленин райондук сотунун имаратынын алдында “Манас” аэропортунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы Эмир Чукуевдин жакындарынын, тарапташтарынын акциясы өтүп жатат.

Алар Чукуевдин бөгөт чарасын өзгөртүү талабы менен чогулганын билдиришти. Ал таза иштегенин, негизсиз камалганын айтышып, аны абактан бошотууну, жок дегенде үй камагына чыгарууну талап кылышууда.

Нааразы тарап 18-мартта да ушундай эле талап менен соттун алдына чыгышкан. Эмир Чукуевдин ден соолугу начарлап кеткенин билдиришкен.

“Манас” аэропортунун башкармалыгын 2015-жылдан 2018-жылга чейин жетектеген Чукуев 9-февралда Түркиянын «Gata havayollari ve tasimacilik» компаниясына эл аралык жүк ташуу боюнча жеңилдикти мыйзамсыз берген жана ошонун айынан мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп шектелүүдө. Бул иш боюнча башка шектүүлөр менен кошо кармалган.

Ленин райондук сотунун 8-февралдагы чечими менен ал 6-апрелге чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.

Бүгүн, 29-мартта райондук сотто анын бөгөт чарасы каралмак. (NT)

XS
SM
MD
LG