Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Гаага: Украинадагы учак кырсыгы боюнча сот


Гаагадагы сот. 9-март, 2020-жыл.
Гаагадагы сот. 9-март, 2020-жыл.

Нидерланддарда «Малайзия аба жолдорунун» «Боинг-777» учагынын атып түшүрүлүшү боюнча сот процесси башталды. 2014-жылдын жайында Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан лайнерге Донбасстагы орусиячыл жикчилдер аткан ракета тийгенде борттогу 298 кишинин баары мерт болгон.

Кырсыкта курман болгондордун көбү нидерланддыктар болгондуктан бул ишти Гааганын шаардык соту карап жатат. Ачык процесс голланд жана англис тилдеринде түз көргөзүлүп турмакчы.

Тергөөчүлөрдүн эл аралык тобуна Австралия, Белгия, Малайзия, Нидерланд жана Украина кирет. Алар лайнерге жикчилдердин көзөмөлүндөгү Снежное кыштагынан «Бук» комплексинен атылган «Жер-Аба» үлгүсүндөгү ракета тийгенин аныкташкан. Топ ракета комплекси Украинын чыгышына Курсктун жанында жайгашкан Орусиянын Абадан коргонуу бригадасынан алынып келген деген бүтүмгө келди.

Тергөөчүлөр ал жабдууну Донбасска жеткирүүгө Орусиянын жарандары Сергей Дубинский, Олег Пулатов, Игорь Стрелков жана украин жараны Леонид Харченко катышкан деп эсептешет. Бул 4 кишиге айып коюлуп, сотко чакырылган. Бирок эч кимиси жооп берген жок. Аларга эл аралык издөө жарыяланган.

Айыпталып жаткандар сөз сүйлөгүсү келсе, видео байланыш аркылуу андай мүмкүнчүлүк берилет. Орусиялыктар - ГРУ же ФСБнин отставкадагы кызматкерлери, Харченко өзүн «Донецк элдик республикасы» деп атаган жикчил аймактын ГРУсун жетектейт.

Нидерланддык прокур Фред Вестербеке сөз болгон 4 киши ракетаны учурган кнопканы басышпаганы менен куралды жеткирүүгө катышканын, андыктан аларды учакты атып түшүрүү ишинде шектүү деп эсептесе болорун белгиледи.

Москва иликтөөчүлөр тобунун тыянагын таануудан баш тартып келатат.

Трагедияда жакындарын жоготкондор процесстин алдында, 8-мартта Гаагада Орусиянын элчилигинин алдында акция өткөрүп, Москваны тергөө менен кызматташууга чакырышты.

MH17 рейсиндеги учак 2014-жылдын 17-июлунда Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан жеринен чыгыш Украинанын үстүнөн атып түшүрүлгөн. Учактагы 298 кишинин баары каза болгон.

«Боингдин» сыныктары Киев өкмөтүнө каршы согушуп жаткан орусиячыл жикчилдердин карамагындагы айылдын жанына кулап түшкөн.

Прокуратура Москвадан шектүүлөрдү өткөрүп берүүнү суранбай турганын билдирди. Себеби Орусиянын мыйзамдары өз жарандарын башка өлкөлөргө өткөрүүгө жол бербейт.

Январда каза болгондордун туугандары менен жолугушууда прокуратура өкүлдөрү сот 2 жылга чейин созулушу мүмкүн экенин, ал эми процессуалдык маселелер чыкса, андан да көп жылга уланарын белгилешкен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG