Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

Малайзиялык учактын курмандыктары эскерилди


Нидерландда үч жыл мурда атып түшүрүлгөн жүргүнчү учактын курмандыктарына арналган эстелик ачылды.

2014-жылдын 17-июлунда болгон каргашалуу окуянын курмандыктарына арналган эстеликтин ачылышына маркумдардын жакындары, Нидерланддын падышасы жубайы менен, бир катар чет өлкөлөрдүн жетекчилери катышты.

Амстердамдагы Шипхол аэропортунун жанындагы эскерүү комплексинде каза тапкан 298 кишинин – 283 жүргүнчү менен экипаждын 15 мүчөсүнүн урматына бирден дарак отургузулду. Мемориалдын авторлору дарактарды июль айында гүлдөгөн күнкарамалар курчап, “алтын нур чачырап турат” дешет.

"Малайзия аба жолдорунун" MH17 каттамындагы учагы Амстердамдан Куала Лумпурга бараткан жеринен Чыгыш Украинанын үстүнөн атып түшүрүлгөн. Жүргүнчүлөрдүн көбү нидерландиялыктар болчу, алардан тышкары 17 өлкөнүн жарандары курман болгон.

"Боинг" Украинанын өкмөттүк армиясы менен өлкөнүн чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарынын айрым бөлүктөрүн басып алган орусиячыл жикчилдердин куралдуу жаңжалы башталгандан көп узабай кулаган.

Былтыр сентябрда Bellingcat эл аралык иликтөө тобу учак Орусияда жасалган "Бук" ракета системасынан атып түшүрүлгөн, жабдууну окуя алдында Орусиядан алып келишип, тез эле кайра артка алып кетишкен, бирок анда бир ракетасы жок болчу деген тыянагын жарыялаган.

Ишенимдүү, ачык булактарга таянып жазылган отчетто украиналык учакты бутага алууну көздөгөн ракета жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймактан атылганы айтылган.

"2014-жылы 21-июлда Орусиянын Коргоо министрлиги MH17ге байланышкан жасалма жана калпыс маалыматты тараткан", - деп жазышат иликтөөчүлөр.

17-июлдагы билдирүүсүндө Европа биримдигинин тышкы саясатынын жетекчиси Федерика Могерини шаркет иликтөөнүн уланышын “толук колдоорун" кайталады жана “көз карандысыз, ар тараптуу тергөөнүн аягына чыгышы маанилүү” деди.

Орусия жикчилдерге жардамга аскерлерин, курал-жарак жөнөтүп, башка колдоо көргөзүп жатат деген далилдер бир топ болгону менен Москва Донбасстагы урушка кийлигишкенин четке кагууда. Ошондой эле MH17 учагынын атылышына байланыштуу далилдер күмөн санатарын айтып келатат.

Президент Петро Порошенко Украина ал каргашада ажал тапкандарды унутпайт деп Твиттерге жазды:

“Үч жыл мурун орусиялык ракета атылганда жүрөктөрү сокпой калган 298 бейкүнөө адамдын элесине таазим кылабыз. Нидерланддын соту бул кылмышты пландаган жана ишке ашырган адамдарды сөзсүз жоопко тартат деп ишенебиз”.

16-июлда Гаагада орус элчилигинин алдына курман болгондордун 15 чакты жакындары чогулуп, Москва кырсыкты иликтөөгө бут тосуп жатат деген нааразылыгын билдиришти.

Австралиянын тышкы иштер министри Жюли Бишоп Орусияны ал кылмышка шектүү кишилерди жоопко тартуу үчүн кызматташууга чакырды.

16-июлда берген интервьюда министр Москваны Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин Австралия сунуш кылган 2166-резолюциясын аткарууга үндөдү. Бирок буга чейин учакты атып түшүрүүгө шектелген бир да киши кармала элек.

Bellingcat тобу трагедиянын үч жылдыгын утурлай чыгарган баяндамасында бул иште негизги ролду ойногон эки кишиге тиешелүү маалыматты ачыкка чыгарууга көңүл буруу керектиги айтылат. "Орион" жана "Делфин" деген каймана ат менен белгилүү Андрей Иванович жана Николай Федорович деген кишилерди кылмышты иликтеген нидерландиялык тергөөчүлөр издеп жатат. Отчетко алардын телефон сүйлөшүүсү жазылган тасма да тиркелген.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG