Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Комиссия: учакты аткан “Бук” Орусиядан келген


Эл аралык тергөө тобу 28-сентябрда малайзиялык Боинг 777 учагы боюнча алгачкы расмий отчетун жарыялады. Анда учакты атты делген “Бук” зениттик-ракеталык системасы Орусиядан алынып келингени айтылат.

Эл аралык тергөө тобу (Joint Investigation Team) 28-сентябрда алгачкы расмий отчетун берди. Анда малайзиялык MH17 каттамындагы Боинг 777 учагынын атылышы боюнча ынанымдуу делген далилдерин ортого койду. Алар: окуя болгон жана ага жакын аймактардан тартылган сүрөт, видео жана үн жазмалар, жергиликтүү күбөлөрдүн социалдык тармактарга койгон маалыматтары.

Тергөө тобунун мүчөлөрү.
Тергөө тобунун мүчөлөрү.

Ошондой эле тергөө учак кыйрашына катышы бар делген 100 ысым тергөөчүлөргө белгилүү болгонун билдиришти.

Отчетко ылайык, “Бук” зениттик-ракеталык системасы Украинага Орусиядан контрабандалык жол менен кирген. “Вольво” үлгүсүндөгү тралга жүктөлүп келген. Аны алды артынан эки унаа коштоп жүргөн.

“Вольво” Торез шаарына келгенде жүгүн түшүрөт. Андан ары казтамандуу "Бук" өзү жүрүп барганы белгиленет.

Учак кырсыгы боюнча комиссия корутундусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:54 0:00

Ажалдуу ракета Снежное шаарынан алты чакырым түштүктө, Первомайское кыштагындагы эгин талаасынан атылган. Ракетанын изи делип, асманга сызылган түтүн жергиликтүүлөр тарткан сүрөттөн байкалат.

Окуядан кийин "Бук" кайра тралга жүктөлүп, Луганск аркылуу Орусияга чыгарылып кеткени айтылат. Жолдогу видеобайкоодон жүктөлүп бараткан "Буктагы" төрт ракета огунун бирөө кемип калганын көрүүгө болот.

Комиссия "Буктун" багытын анимация аркылуу көрсөттү:

Тергөө тобу Украинадагы орусиячыл жикчилдердин телефон сүйлөшүүлөрү деп бир топ аудио жазмаларды да жарыялады.

Учак атылардан бир күн мурда, 2014-жылдын 16-июлунда Николаевич аттуу аскер адамынын ыктымал өнөктөшү менен украин аскер авиациясына каршы туруу үчүн “Бук” керек дегени жазылып калган. Орусиячыл жикчилдердин бири делген аскер адамынын телефон сүйлөшүүсүндө:

- Билбейм, Саныч, бүгүн меникилер чыдай алабы же жокпу. Анткени азыр аларга мөндүрдөй жаадырып башташат. Анда эле мен чалгын батальону да, спецназ ротасы да жок калам... Эгер эртең менен “Букту” алып, ал жакка жөнөтө алсам, анда жакшы болот. Эгер үлгүрбөсөм иш чатак дей бер, - деп айтылат.

Эл аралык тергөө тобунун жетекчиси, Голландия прокурору Фред Вестербеке, бирок, Орусияны же кайсы бир орусиялык адамды азырынча айыпташа электигин айтты.

"Бук" жүктөлүп бара жатат деген автоунаа.
"Бук" жүктөлүп бара жатат деген автоунаа.

Орусиялык “Алмаз-Антей” концернинин маалыматтарын колдондуңарбы деген суроого Вестербеке:

- Маалыматтар эки жума мурда гана берилди. Ал ишке камтылат. Бирок, жалпы картина ансыз деле белгилүү болду, - деп жооп берди.

Украина башкы прокурорунун орун басары Дмитрий Сторожук тергөөгө жардам бериш үчүн колдон келгенин жасашарын, өздөрүндө болгон маалыматтарын буга чейин беришкенин билдирди.

Ошол эле учурда тергөөчүлөр Орусия анча-мынча маалымат берген менен, негизги суроого жоопту - орусиялык радардын тарткан маалыматтарын бербегенин билдирди.

Бул отчетко Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков каяша кайтарып, жыйынтыкты четке какты.

- Бул окуянын баары тилекке каршы өтө чоң кызылкулактыкка, сабатсыз маалыматтарга чулганган. Ал кээ бир өлкөлөрдүн маалыматтарды, радар маалыматтарын бербей, жашыруусу менен коштолду.

Голландиянын Ньювехайн шаарындагы жыйынга каза болгондордун жакындары да катышты.

Учак кырсыгы боюнча жыйынтык
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:39 0:00

Иликтөө 2018-жылга чейин узартылды. Бул убакыт ичинде алар кылмышка шектүүлөрдү табууга аракет кыларын билдиришти.

Вестербеке "Биз бардык күбөлөрдү, өзгөчө ички күбөлөрдү кызматташууга чакырабыз" деди.

"Ички күбө" дегенде ал кылмышка билип-билбей кириптер болуп калгандарды эске алуу менен Украина мыйзамы тергөө менен кызматташкандарга жазаны жеңилдетерин эскертип өттү.

Учак кулаагн жер
Учак кулаагн жер

Быйыл февралда Беллингкат эл аралык иликтөө тобу ракета ушулардын колу менен атылган деп орусиялык аскер кызматкерлеринин ысымдарын жарыялаган. Орусия аларды, дегеле кырсыкка тийиштиги барын четке кагып, ага Украинаны айыптап келет.

Эл аралык тергөө тобуна Голландия, Австралия, Малайзия, Бельгия жана Украина өкүлдөрү кирген.

2014-жылдын 17-июлунда Амстердамдан Куала-Лумпурга учкан самолет Украина аба мейкиндигинде атып түшүрүлгөн. Анын бортундагы 298 адамдын баары өлгөн. Анын көбү нидерландылык туристтер болчу.

XS
SM
MD
LG