Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Учак иликтөөсү: Орусия каршы, Украина колдоду


"Бук" ракетасы учакка кантип тийгенинин компьютерде жасалган сүрөтү.
"Бук" ракетасы учакка кантип тийгенинин компьютерде жасалган сүрөтү.

Орусия Эл аралык авиация уюмунан малайзиялык учактын былтыр Украинада кыйрашы боюнча жаңы иликтөө баштоону суранды. Москва мындай кадамга Голландиянын Коопсуздук кеңеши жүргүнчү учак Украинанын чыгышынан орусиялык өндүрүштөгү “Бук” ракетасы менен атылган деген бүтүмүнөн соң барды. Бул аралыкта Украина кийинки чара эми кылмыш иши болуусу керектигин айтып чыкты.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Голландия иликтөөсүнүн жыйынтыгын дүйшөмбү күнү ал жарыяланар замат эле сындап, “саясий буйрукту аткаруу аракети ачык көрүнүп турат” деген баасын берген.

Ракета жасоочу мамлекеттик “Алмаз-Антей” концерни болсо жүргүнчү учакка тийген ракетанын түрү жана атылган жери боюнча бүтүмү голланд тараптыкынан айырмаланган иликтөөсүн чыгарган.

Мунун артынан Орусиянын Авиация мекемеси Жарандык авиация боюнча эл аралык агенттикке жаңы иликтөөнү баштоо өтүнүчүн жолдоду. Аталган мекеме башчысынын орун басары Олег Сторчев Москвадагы басма сөз жыйында буларды айтты:

- Орусия Федерациясынын комиссиясы Голландиянын жыйынтык баяндамасындагы бүтүмдөрүнө таптакыр макул эмес. Ал түп тамырынан бери туура эмес. Ырааттуу анализге, объективдүү маалыматтарга караганда, комиссия күн мурунтан тандалган версияга далилдерди шайкеш келтирүү үстүндө гана алектенгендей таасир калтырууда.

Голландиянын Коопсуздук кеңешинин иликтөөсүнө караганда, Малайзиянын “Боинг 777” жүргүнчү учагы Украинанын чыгышынан “Бук” ракетасы менен атылган.

Иликтөөчүлөр “Бук” ракетасынын кайсы түрү жана кайсыл жерден атылганы боюнча бүтүм чыгарышкан эмес. Бирок ракета басымдуу бөлүгүн орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн 320 чарчы чакырым аймактын ичинен атылганы аныкталган.

Ракета атылган жерди жана бул ишти жасагандарды табуу, иликтөөчүлөрдүн пикиринде, эми эл аралык кылмыш тобунун ыйгарым укугундагы иш.

Кыйраган учактын сыныктары менен жасалган макети.
Кыйраган учактын сыныктары менен жасалган макети.

Бул аралыкта украин президенти Петр Порошенко голланд тараптын иликтөөсүн былтыр 17-июлда жүргүнчү учак атып түшүрүлүүсүнө Орусиянын катыштыгы бардыгын толук далилдеген документ катары мүнөздөдү.

Украина тышкы иштер министри Павел Климкин Нью-Йорктогу басма сөз жыйында билдиргендей, эми кийинки кадамды жасап, кылмыш ишин ачууга толук негиз бар:

- Азыр бизде эмне болгону боюнча объективдүү жана ачык-айкын иликтөө бар. Чынында эмне болгонун биз башында эле билгенбиз. Бирок азыр мыкты адистер абдан кылдат иликтөөнүн негизинде даярдаган, баары толук жана ачык-айкын жазылган баяндамага ээ болдук. Мындан кийинки кадам, албетте, кылмыш иликтөөсү. Ал бул кылмыш үчүн күнөөлүүлөрдү аныкташы керек.

Кийинки деңгээл кылмышты иликтөө экенин Голландиянын өкмөтү да айтууда. Малайзиялык жүргүнчү учак Украинанын асманында атып түшүрүлгөндө өлгөн 298 адамдын көбү Голландиянын жарандары болгон.

Премьер-министр Марк Рютте Орусияны алардын иликтөөсүн урматтоого жана Голландия, дагы башка төрт өлкө бирге жүргүзө турган тергөө менен кызматташтыкка чакырды.

Марк Рютте.
Марк Рютте.

Голландиянын коомдук прокуратурасынын өкүлү Фред Вестербеке тергөөнүн учурдагы абалы тууралуу мындай дейт:

- Биз кызыккан бир нече адам бар. Алар боюнча маалыматтарды жана далилдерди топтоп жатабыз. Бирок ошол майда далилдердин баарын бириктирип, бекемдеш үчүн али көп иш зарыл. Андыктан биз бир-эки жумада камакка алгыдай деңгээлде эмеспиз. Буга али көп бар.

Кошмо Штаттар Голландиянын баяндамасын “күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу аракетиндеги маанилүү бурулуш” деп атады.

Малайзиянын өкмөтү болсо жарандык учакты атып түшүргөн "кылмышкерлер” жоопкерчиликке тартылуусуна жетишүүнү убада кылды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG