Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Обама Путинге "сыртын салып" койдубу?


Обама Путин менен жолугушканда формалдуу гана тост айтты. Нью-Йорк, 28-сентябрь, 2015.
Обама Путин менен жолугушканда формалдуу гана тост айтты. Нью-Йорк, 28-сентябрь, 2015.

Нью-Йоркто АКШ жана Орусия президенттери Барак Обама менен Владимир Путин жолугушуп, өз ара сүйлөштү. Жабык өткөн кечээки бул жолугушууда эки президент Сириядагы кырдаалды талкуулап, Украинадагы абалга да кайрылганы кабарланууда.

Анын алдында Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйынында алдың-кийин сүйлөгөн Обама менен Путин Украина жана Сирия кризиси боюнча карама-каршы пикирлерди айтышкан. Айрым маалымат каражаттары эки лидердин мындай кайчы пикирлерин алардын кайым айтышуусу катары да баалап жиберишти.

Путин: Жолугушуу жагымдуу болду

Эки президенттин Нью-Йорктогу жолугушуусу Улуттар Уюмунун баш кеңсесинде өттү. Башта бир саатка белгиленген эки лидердин жабык сүйлөшүүcү андан узагыраак, бир жарым саатка созулду. Бул Обама менен Путиндин соңку эки жылдагы мындай толук форматтагы алгачкы жолугушуусу. Алар былтыр күздө Кытайдагы Азия-Тынч океан саммиттинде учкай сүйлөшүп, андан кийин телефондон үч жолу баарлашкан.

Бир жарым саатка созулган жолугушуудан соң эки президент чогулуп, эч кандай билдирүү жасаган жок, ал күтүлгөн да эмес. Бирок орус президенти Владимир Путин анда негизинен Сириядагы кырдаалды талкуулашканын журналисттерге билдирди:

- Биз президент Обама менен Сириядагы кырдаалды жөнгө салуунун, асыресе бул өлкөдөгү террористтик уюмдар менен күрөшүүнүн түрдүү өңүттөрүн талкууладык.

Эки президенттин жолугушуусу Сирия жана Украина чыгышындагы кырдаалдан улам АКШ-Орусия алакасы кыйла суздай түшкөн маалга туш келди. Путин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кандай болгон күндө да бул жолугушууну пайдалуу жана жагымдуу деп баалады:

- Орусия менен АКШ алакасынын деңгээли азыр, тилекке каршы, бир топ төмөндөп кетти. Бул мен айтпасам деле түшүнүктүү. Бирок эки тараптуу мамилелердин деңгээлин мынчалык ылдыйлатып жиберүү биздин демилге эмес. Бул америкалык шериктерибиздин позициясы. Бул жакшыбы, же жаманбы? Менимче, эки тараптуу мамилелер үчүн да, дүйнө иштери үчүн да бул жаман. Бирок АКШ ушуну тандады. Биз алакаларды чыңдоого, толук калыбына келтирүүгө ар дайым даярбыз. Бүгүнкү жолугушуу тууралуу айтсак, ал абдан пайдалуу болду. Өзгөчө ачык-айрым өткөнү өтө жагымдуу болду.

Орус президенти ошондой эле сириялыктар өз тагдырын өзү чечүүгө тийиштигин жана орус аскерлери бул өлкөдө кургактагы аскерий операцияларга катышпастыгын, бирок “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы аба операцияларына катышуу ыктымалдыгы каралып жатканын белгилеген.

АКШ буга чейин Орусия Сирияда аскерий кубатын чыңдап, ага катар президент Башар Асадга аскерий жардам көргөзүп жатышын сынга алып келген эле.

Ак үйдүн өкүлүнүн айтымында, Барак Обама Путинге Украина чыгышындагы абалды жөнгө салуу боюнча Минск келишиминин аткарылышы, тактап айтканда, өздөрү Донецк жана Луганск элдик республикалары деп жарыялап алгандардын жетекчилеринин жергиликтүү шайлоо өткөрүү ниети боюнча тынчсыздануу билдирген.

Эки президенттин "кайым айтышы"

Бул жолугушуу алдында Обама менен Путин Украина жана Сирия кризиси боюнча карама-каршы пикирлерди айтышын, эки лидердин кайчы пикирлерин алардын кайым айтышуусу катары да баалап жиберишкен.

Маселен анда Барак Обама Сириядагы согушту токтотуу үчүн бардык өлкөлөр менен кызматташууга барарын айтып, Сириянын бийлиги менен союздаш деп эсептеген Орусия менен Ирандын ролун айрыкча бөлүп көрсөтүү менен Башар Асадды колдобоо керектигин айткан:

- Ушунча зордук-зобун жана кан төгүүлөрдөн кийин Сириядагы согушка чейинки мурдагы абалга кайтып баруу мүмкүн эместигин моюнга алышыбыз керек. Сириянын президенти Башар Асад – тиран. "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жок кылынып, Сириядагы согуш бүтүп калса, Асадга колдоо көрсөтпөө керек.

Обамадан кийин сүйлөгөн Путин болсо Сириянын президенти Башар Асад менен кызматташпоону чоң ката деп баалаган.

Обама менен Путиндин жолугушуусунун жыйынтыктары тууралуу азырынча Ак үй эч кандай расмий билдирүү жасай элек. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо бүгүн Russia Today телеканалына кечээги жолугушууда эки президент “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштүн жолдорун издөөнү макулдашканын билдирди. Сүйлөшүүнү “абдан конструктивдүү” деп баалаган Лавров анда АКШ менен Орусиянын Сирия боюнча кызматташуусунун мүмкүнчүлүктөрү каралганын да белгилеген.

Обама Путин менен стакан кагышпай койду

Эки держава лидерлеринин жолугушуусун азыр дүйнө маалымат каражаттары кенен чагылдырып, айрым маалымат каражаттары экөө кол алышкан учурлардагы эмоция, кыймыл-аракетине чейин көңүл бурушту.

Маселен "Нью-Йорк Таймс" (New York Times) Обама менен Путин бири-бирин жакшы көрө бербестигин, Нью-Йорктогу учурашууда Обамага кол сунган Путин жылмайса, ал ага жылмаюу менен жооп бербей койгонун, жолугушууда шампан көтөргөн тост да ооз учунан гана айтылганын жазып чыкты.

You Tube сайтына жарыяланган видеодо болсо БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынынан кийинки аземде тост айткан Барак Обама Владимир Путинди "көңүл сыртында калтырып", аны менен стакан кагыштырбай койгонун көрүүгө болот.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG