Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Кыйраган учактын талашы уланууда


Украина -- Эксперт Донецкинин Грабово айылына жакын жерде учак кыйраган жерди көрүүдө. 22-июль, 2014
Украина -- Эксперт Донецкинин Грабово айылына жакын жерде учак кыйраган жерди көрүүдө. 22-июль, 2014

Украинадагы орусиячыл жикчилер кыйраган малайзиялык учактын эки кара кутусун малайзиялык эксперттерге өткөрүп берди.

Ал арада Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши атайын резолюция кабыл алып, кырсык болгон жерде эл аралык эксперттер кең-кесири иштөөсүн камсыздоону талап кылды. Еврошаркет өлкөлөрү болсо орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн аймакта учак кыйрашын эске алуу менен Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү маселесин талкуулап жатат.

Далилдер жок кылынып жатабы?

Еврошаркеттин жана АКШнын бийликтери ичинде 298 жүргүнчү бар учак орусиячыл жикчилер тарабынан атып түшүрүлгөнүнүн белгилери барган сайын көбөйүүдө деген ишенимде турушат. БУУнун Орусия туруктуу мүчөсү болгон Коопсуздук кеңеши кабыл алган резолюцияда учактын кыйрашы кескин айыпталуу менен катар кырсык болгон жерде эл аралык эксперттердин кең-кесири иштөөсүнө мүмкүнчүлүк жаратып, тоскоолдук кылбоо талап кылынды.

БУУнун резолюциясына демилгечи болгон Австралиянын премьер-министри Тони Эббот Канберадан кабарчыларга сүйлөп жатып, буларды белгиледи:

- Кылмыштан кийин аны жашыруу болот. Биз азыр байкап жаткандай, далилдер ири масштабда жок кылынууда. Бул токтотулушу керек. Орус президенти Путин азыркыга дейре абдан жакшы сөздөрдү айтты. Мен анын айткандарынан шилтеме келтирейин: “Биз трагедия болгон жерде эл аралык эксперттердин коопсуздугун камсыздаш үчүн колдон келгендин баарын жасообуз керек”. Бул президент Путиндин акыркы 24 саатта орус медиасына айткан сөздөрү. Эми бул сөздөрдү турмушка ашыруу талап кылынат.

Австралия Амстердамдан Куала-Лумпурга бет алган учак кыйраганда жарандарын эң көп жоготкон үчүнчү өлкө.

БУУнун Коопсуздук кеңеши алдында расмий Москваны Украинадагы орусиячыл жикчилдер кырсыкты иликтөөгө тоскоолдук кылбашы үчүн аларга таасир көргөзүүгө АКШ президенти Барак Обама да чакырган болчу:

- Орусиянын бул жикчилерге таасири абдан чоң. Муну эч ким четке какпайт. Аларды Орусия чакырды, машыктырды. Биз билгенден Орусия аларды аскерий жабдуу, курал, анын ичинде учакка каршы курал менен камсыздады. Жикчилердин башкы лидерлери Орусиянын жарандары. Жикчилерге тикелей таасирин эске алуу менен Орусия жана өзгөчө президент Путин аларды тергөө менен кызматташууга мажбурлоого тикелей жоопкер. Президент Путин толук жана адилет тергөөнү колдоорун айтып жатат. Мен бул сөздөрдү баалайм. Бирок ал аракет менен коштолуусу абзел.

Малайзия: Адилеттүүлүктү талап кылабыз

Бул аралыкта орусиячыл жикчилердин лидерлери кыйраган малайзиялык учактын эки кара кутусун учак ээси Малайзия тарапка расмий өткөрүп беришти.

Бүгүн Малайзиянын өзүндө, Орусия жана Украина элчиликтери алдында адилеттүүлүктү талап кылган нааразылык акциясы өттү:Малайзиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Мохамед Сакринин айтымында, ал кара кутулар жакшы абалда сакталып калган. Кыйроонун себептерин ачууга жардам кыла алабы - жокпу, муну убакыт көргөзмөчү.

- Сөөктөрдү, эки кара кутууну кайтарып берүү эле жетиштүү эмес. Биз адилетүүлүктү талап кылабыз. Чыныгы кылмышкерлерди, күнөөлүүлөрдү билгибиз келет. Учакты чынында ким атып түшүргөнүн билгибиз келет, - деди демонстранттардын бири.

Куала-Лумпурдагы Орусиянын элчилигинин алдындагы акция
Малайзия: орус элчилигиндеги нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

Ал эми кырсык курмандыктарынын сөөгү шейшембиде атайын поезд менен орусиячыл козголоңчулардын көзөмөлүнөн тыш аймак - Харьков шаарына жеткирилди.

Украин бийликтеринин айтымында, учак кыйраган аймактан 282 кишинин сөөгү бүтүн бойдон табылды. Калган 16 кишинин сөөгү ажырап кеткен.

Кырсык болгон аймакта эл аралык иликтөөчүлөр качан жана кантип иштери азырынча беймаалым болуп турат.

Украинанын чыгышында жүргүнчү учак кыйрашынан кийин түзүлгөн кырдаал Еврошаркеттин тышкы иштер министрлеринин бүгүнкү кеңешмесинде талкууланууда. Учакты орусиячыл жикчилер Москвадан алган куралдын жардамы менен атып алды деген ишенимде турган Еврошаркет бийликтери Москвага каршы жаңы санкцияларды демилгелөөдө.

Польшанын тышкы иштер министри Радек Сикорски Еврошаркеттин бүгүнкү кеңешмеси алдында буларды айтты:

- Чыгыш Украинанын асманында болгон нерсе - жикчилер деп аталгандарга заманбап курал-жаракты берүүнү улантуунун натыйжасы. Согуштун бул себебине жана учактын атып түшүрүлүшүнө жооп берилиши керек.

Москва болсо эгер Украинанын чыгышында 28-июнда уруш кайра жандабаганда, трагедия болмок эмес деген турумду карманууда. Кечээ орус аскерий өкүлдөрү өз чалгын маалыматтарын келтирүү менен учакты украин күчтөрү аткан болушу мүмкүндүгүн ишара кылды эле, Киев муну күнөөнү башкага оодаруу аракети катары баалап, дароо четке какты.

«Боингдин» кара кутулары Малайзияга берилди
«Боингдин» кара кутулары Малайзияга берилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:30 0:00

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG