Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Орусия MH17 трибуналын түзүүгө каршы чыкты


БУУнун Коопсуздук кеңеши
БУУнун Коопсуздук кеңеши

2014-жылы 17-июлда Украинада кыйраган Малайзиянын пассажирдик учактын ишин иликтөө боюнча БУУнун алдында эл аралык трибунал түзүү сунушун Орусия өткөрбөй койду.

Мындай долбоор БУУнун Коопсуздук кеңешинде 28-июлда колго салынды. Орусиянын мындай позициясын Австралия, АКШ, Малайзия жана Нидерландия сындашты.

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин вето укугу бар мүчөлөрү башка өлкөлөргө караганда чоң артыкчылыкка ээ экенин 29-июлдагы добуш берүү көрсөттү. Добуш берүүгө Венесуэла, Ангола жана вето укугу бар Кытай катышкан жок. Ошондо да долбоорду Кеңештин 15 мүчөсүнүн он бири колдоду.

АКШнын Улуттар уюмундагы өкүлү Саманта Пауэр Коопсуздук кеңешинин жыйынынан соң Орусиянын ветосу малайзиялык учакты атып түшүргөндөрдү таап, соттогонго бөгөт боло албай турганын айтты:

- Тактап койолу. Бүгүнкү вето курмандыктарга жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн адилеттүүлүктү танбайт. 298 жүргүнчүсү бар жарандык авиалайнерди атып түшүргөндөр жазыксыз калбайт жана кала албайт. Себеби 298 адам, алардын үй-бүлөлөрү жана эл-журту адилеттикке татыктуу болбосо, биздин үй-бүлөлөргө, эл-журтка жана өлкөлөргө адилеттик ыраа көрүлбөйт.

Резолюциянын долбоору Малайзия, Австралия, Нидерландия, Украина тарабынан даярдалган эле.

Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин орусиялык эксперттер авиалайнер кыйраган жерге киргизилбегендиктен трибунал калыс бүтүмгө келе алмак эмес жана медиа пропаганданын очогуна айланмак деп түшүндүрдү Кремлдин позициясын. Анын айтымында, Руандадагы кызыл кыргын жана мурдагы Югославиядагы кандуу булоон боюнча түзүлгөндөй трибунал “өтө эле кымбат” болот. Ошондон келип Орусия МН17 окуясын иликтөөдө БУУнун ролун жогорулатууга чакырган резолюцияны сунуш кылган.

Президент Владимир Путинге 29-июлда нидерланд премьер-министри Марк Рютте телефон чалып, эл аралык трибунал түзүүгө каршы болбоону сураганда, ал макул болгон эмес.

БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы Малайзияны канааттандырбады. Өлкөнүн транспорт министри Лиоу Тионг Лай Нью-Йоркто сүйлөп, Орусия резолюцияга каршы чыгып, жүргүнчүлөрдү ташычу учактардын коопсуздугу үчүн коркунучтуу кадамга барганын айтты.

- Биз адилеттикти жана жоопкерчиликти колдогондун ордуна кара санатай кылмыш жазаланбаганын көрсөткөн, ошондой эле болочокто жаңжалдуу зоналарда жарандык авиациянын коопсуздугуна коркунуч туудурган чечимди жактадык.

Малайзия эми авиакырсыкка жооптууларды таап жазалоонун башка механизмдерин издейт.

Украинанын БУУдагы өкүлү Павло Климкин резолюция долбооруна Орусия каршы добуш берип, өлкөгө каршы агрессиясы жана малайзиялык учактын кыйроосу үчүн жоопкерчиликтен качып жатканын айтты.

- Бул саясат эмес, адам өлтүргөндөрдүн жеке жоопкерчилиги тууралуу маселе. Ошон үчүн жалгыз Орусиянын бул такыр эки бөлөк суроону кошоктоп караганы өкүндүрдү. Бул, бир жагынан, Украинага каршы агрессиясы жана терроризмди колдоону улантып жатканы үчүн, экинчи жактан, MH17нин трагедиясы үчүн жоопкерчилик. Орусиянын бүгүнкү позициясына мындан бөлөкчө түшүндүрмө жок.

Украина президенти Петро Порошенко Орусия вето укугун пайдаланып, резолюцияны өткөрбөй койгонуна карабай, расмий Киев 298 адамдын өлүмүнө жооптууларды жоопко тартуу аракетин токтотпосун билдирди.

Орусиянын позициясын Австралиянын премьер-министри Тонни Эббот “кыжырдантчу окуя” деп атады жана курман болгондордун жакындарынын кырсыкка жооптуулар билинет жана жазаланат деген тилегине көз жумуп коюу ирети түшүнөт.

Авиакырсык азыр Нидерландия башындагы комиссия тарабынан изилденүүдө. Анын ачыкка чыгып кеткен материалдарына караганда, МН17 учагына Москва колдогон жикчилдер контролдогон аймактан атылган орусиялык ракета тийген. Бул комиссиянын бүтүмү октябрда жарыяланууга тийиш.

XS
SM
MD
LG