Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:50

Малайзиялык учак кулап түшкөн деп болжолдонууда


 Учакта 155 жүргүнчү жана экипаждын беш кызматкери болгон.
Учакта 155 жүргүнчү жана экипаждын беш кызматкери болгон.

Индонезиянын вице-президенти Юсуф Калла Индонезиядан Сингапурга сапар алып, дайынсыз жоголгон учак кулап, кырсыкка кабылышы мүмкүн деп болжолдоду.

Малайзиялык аваикомпанияга таандык учак менен байланыш 28-декабрда Яван деңизинин үстүндө баратканда үзүлгөн.

Жоголгон учакты издеп-куткаруу операциясынын башында турган Индонезиянын вице-президенти Юсуф Калла AirAsia авиакомпаниясына таандык учак жогологондон 10 саат өткөн соң өз божомолу менен бөлүштү.

Калла учак кайда кулап түшкөнү жөнүндө азырынча эч кандай маалымат жоктугун билдирди.

Ал арада учакты издөө аба-ырайынын кескин начарлашынан улам дүйшөмбүгө чейин токтоду.

Малайзиянын транспорт министри Лиоу Тионг Лай издеп-куткаруу операциялары үчүн малай өкмөтү кемелерди жана учактарды жибергенин билдирди.

- Малайзия өкмөтү издөө үчүн үч аскер кемесин бөлдү, анын бирөөсү азыр жолдо. Куткаруу жана издөө операциялары үчүн С130 учактарын жана дагы кошумча кемелерди жиберүүгө даярбыз.

AirAsia компаниясынын A320 аэробусу менен байланыш 28-декабрда Жакарта убактысы боюнча эртең мененки саат жети жарымдарда үзүлгөн.

Каттамдарды көзөмөлдөөчү кызмат менен байланыш үзүлөөрдөн бир аз мурда 10 500 метр бийиктикте бара жаткан аэробустун учкучу диспетчерлерден өз багытын бир аз өзгөртүп, калың булуттан чыгуу үчүн дагы эки километр бийик көтөрүлүүнү суранган. Бул тууралуу Индонезиянын аэронавигация администрациясынын башчысы Хади Мустофа маалымат каражаттарына билдирди.

Байланыш үзүлгөн маалда лайнер жолдун жарымын өтүп, индонезиялык Ява жана Калимантан аралдарынын ортосунда, Яван деңизинин үстүндө бараткан.

Бул аймакта олуттуу табигый өзгөрүүлөр байкалган эмес. Индонезиялык тийиштүү органдардын өкүлдөрүнүн айтымына караганда, учак эч кандай кооптуу белги берген эмес.

Аэробус Сингапурга эртең мененки саат сегиз жарымдарда конмок.

Авиакомпания тараткан маалыматтарга ылайык, учакта 155 жүргүнчү жана экипаждын беш кызматкери болгон.

Басымдуу бөлүгү индонезиялык жүргүнчүлөрдүн арасында Түштүк Кореянын, Британиянын жана Малайзиянын жарандары да бар экени маалым болду.

Индонезиянын транспорт министри Игнатий Жонан жекшембиде Сурабай шаарында өткөн маалымат жыйында буларга токтолду:​

- Биздин маалымат борбор кандайдыр бир факты белгилүү болмоюнча иштей берет. Учак кырсыкка учураса, же башка бир окуяга кабылса да, баарыбыз сабырдуу болобуз деп үмүттөнөм. Окуя кандай өнүгөрүн болжолдоонун зарылчылыгы жок. Азыр эң негизгиси учакты табуу үчүн болгон аракеттер көрүлүшү керек.

AirAsia малазиялык арзан авиакомпания. Анын учурда дайынсыз болуп жаткан QZ8501 каттамы индонезиялык AirAsia Indonesia филиалы аркылуу ишке ашкан.

1994-жылы негизделген AirAsia компаниясынын учагы буга чейин кырсыкка кабылган эмес жана ушул күнгө чейин натыйжалуу жана өнүгүп келе жаткан компаниялардын катарында саналып келген.

Авиакомпания ички жана эл аралык каттамдарды бирдей аткарып келген.

Ушуну менен 2014-жылы малайзиялык үчүнчү лайнер кырсыкка кабылды.

Малайзия Airlines компаниясынын Куала-Лумпурдан Бээжинге сапар алган учагы ичиндеги 239 жүргүнчүсү менен март айында дайынсыз жоголду. Июлда ушул эле авиакомпаниянын дагы бир лайнери Украинанын чыгышында атып түшүрүлүп, андагы 298 адам набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG