Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:36

Ташкентте жарандык активист Миразиз Базаров сабалды


Миразиз Базаров. 2021-жылдын 28-марты.
Миразиз Базаров. 2021-жылдын 28-марты.

28-мартта Ташкенттин Амир-Темур көчөсүндө жапон анимесин жана корей поп-музыка сүйүүчүлөрү үчүн кезектеги иш-чараны өткөрүүгө камданып жаткан блогер Миразиз Базаровду белгисиз бирөөлөр токмоктоп кетишти.

Миразиз Базаров сабалганга чейин жүздөй адамдын кол салуусу күтүлүшү мүмкүн деген таризде 28-мартка белгиленген иш-чара болбой калганын жарыялаган болчу. Ошол эле күнү кечинде беткапчан адамдар Базаровду бейсбол таягы менен сабап кетишкен.

“Ал үйүнө кирип баратканда бир машина токтоп, андан беткапчан үч эркек киши чыкты. Алардын биринин колунда бейсбол таягы бар эле. Алар автоунаадан түшөрү менен эле аны сабай башташты”, – деди окуянын күбөлөрүнүн бири.

Дарыгерлердин айтымында, блогердин ички органдары жабыркап, сол буту сынып, мээси чайкалган.

Эл аралык «Хюман райтс уотч» (HRW) укук коргоо уюмунун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн директору Хью Уилямсон кол салууну айыптап, бул окуяны "өтө дүрбөлөңдүү" деп атады. "Өзбекстан ушул айда БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде, – теория жүзүндө, – адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарды сактоо боюнча милдеттенме кабыл алды. Муну өлкө аткарышы керек!" – деп Уилямсон мырза 28-мартта «Твиттердеги» барагына жазды.

АКШнын Өзбекстандагы элчиси Дэниел Розенблүм мырза 29-мартта расмий Ташкентти көз каращын эркин билдирүү укугунан пайдаланган блогер Базаровдун сабалышына байланыштуу ишти тергөөгө чакырган билдирүүсүн «Твиттердеги» барагында жарыялады.

Миразиз Базаров "Telegram" каналында Өзбекстандын Кылмыш кодексинен “Гомосексуализм” беренесин алып салууга чакырган. Ошондой эле ал президент Шавкат Мирзиеёвди сындап, бийликти коррупцияга айыптап, ачык-айкындуулук камсыз болмоюнча Өзбекстанга насыя берүүнү токтотууга чакырып, Азия өнүктүрүү банкы менен Эл аралык валюта фондуна кайрылган.

XS
SM
MD
LG