Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешин Фижи аралынын өкүлү жетектейт


Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин логосу
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин логосу

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин төрагалыгына Фижи аралынын өкүлү Нажат Шамим Хан шайланды. Тынч океандагы архипелагдын Женевадагы элчиси Хан кеңештин 47 мүчөсүнүн 29унун добушун алды. Эми бир жыл бою Улуттар Уюмунун адам укуктары жаатындагы органын жетектейт.

Британияда билим алган Нажат Шамим Хан өз өлкөсүндө судья болуп эмгектенген. Аны менен бирге БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин төрагалыгына Өзбекстан жана Бахрейндин элчилери ат салышкан.

Бир катар укук коргоо уюмдары БУУнун Адам укуктары боюнча кеңештин башчылыгына Хандын шайланышын кубатташты. Фижилик дипломат айым буга чейин адам укуктарын коргоо жаатындагы туруктуу позициясын билдирип келген.

Адам укуктары боюнча эл аралык кызматтын аткаруучу директору Фил Линч Өзбекстан жана Бахрейн сыяктуу адам укуктарын коргоо жаатында көйгөйү бар өлкөлөрдүн өкүлдөрү БУУнун кеңешинин башчылыгына дайындалбаганын кубаттады.

Фижи аралдары Океанияда жайгашкан чакан мамлекет.

XS
SM
MD
LG