Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Ирандын аскер күчтөрү машыгууларды өткөрдү


Машыгуу учуру. Ирандын чордондук аймагы. 2021-жылдын 15-январы.
Машыгуу учуру. Ирандын чордондук аймагы. 2021-жылдын 15-январы.

Ирандын Куралдуу күчтөрү баллистикалык ракеталарды колдонуу менен сыноолорду өткөрдү. Бул АКШ менен өзөктүк программанын алкагында пикир келишпестик күчөп турган учурга туш келди. Машыгуунун алкагында 15-январда Ирандын мамлекеттик телеканалдары Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскерлери бир нече баллистикалык ракета учурганын кабарлашты.

Тегеран кийинки күндөрү аскердик даярдыгын күчөттү. Буга өлкө бийлигинин АКШ менен мамилеси начарлап, чыңалуу күчөп кеткени себеп болду. Ушул аптанын башында Ирандын Куралдуу күчтөрү Оман кысыгында кыска аралыктагы ракеталар боюнча эки күндүк машыгуу өткөргөн.

2018-жылы америкалык президент Дональд Трамп Тегерандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимден чыгып, санкциялар кайрадан киргизиле баштагандан кийин ортодогу мамилелер ого бетер начарлаган. Трамп документке бир катар маанилүү маселелер камтылбай калганын айткан.

Атомдук программасы тынчтык максаттарын гана көздөгөнүн билдирип келаткан Иран жооп иретинде макулдашуунун шарттарын сактабай турганын жарыялап, уранды байытуу өңдүү иштерин кайра жандандырган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG