Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:34

Орусия «Ачык асман» келишиминен чыгарын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия «Ачык асман» боюнча келишимден чыгуу жараянын баштады. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Анда расмий Москва буга себеп катары АКШнын былтыркы келишимден чыгуу боюнча чечимине шилтеме берген. Орусия Кошмо Штаттар «Ачык асман» келишиминен «ойдон чыгарылган шылтоону» бетке кармап чыгып кеткенин билдирген. Москва ошондон кийин бул долбоорду колдоо үчүн сунуштарды башка мамлекеттер колдобогонун билдирүүдө.

АКШ 2020-жылдын ноябрь айында 18 жылдан бери күчүндө болуп келген «Ачык асман» эл аралык келишиминен расмий чыккан. Анда расмий Вашингтон бул келишимди Орусия бузганын жүйө келтирген.

Бул документ ага кол койгон мамлекеттерге бири-биринин аймагына көзөмөл жүргүзүүчү учактарды жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул аракет менен келишимге кирген мамлекеттер бири-биринин аскердик күч-кубатына көз салууга мүмкүнчүлүк алчу.

XS
SM
MD
LG