Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Нидерланддарда өкмөт кызматтан кетти


Марк Рютте.
Марк Рютте.

Нидерланддардын Марк Рютте жетектеген өкмөтү кызматтан кетти. Буга балдары үчүн мыйзамсыз түрдө жөлөкпул алып жүргөн деп айыпталган миңдеген ата-энелерге байланыштуу жаңжал себеп болду. Бул маселени иликтеген парламенттик комиссия өкмөттүн маалыматы туура эмес экенин жана ата-энелер мыйзам бузбаганын аныктаган.

Комиссия өкмөттүн күнөөсүнөн улам миңдеген жарандар мурда алган жөлөкпулдун акчасын кайрадан мамлекетке төлөп бергенин, алардын айрымдары бул кырдаалдан улам кыйынчылыкка туш болгонун иликтеп чыкты.

Жөлөкпулду катачылыктын айынан артка кайтарган жаңжал боюнча өкмөттүн калпыстыгына Рютте мындайча баа берди: «Күнөөсү жок кишилер бекер эле жоопко тартылып, алардын тагдырына залака тийгизилди».

Марк Рютте жетектеген өкмөт алешемдик кеткенин мойнуна алып, кызматтан кетти. Бул жөнүндө тиешелүү өтүнүч 15-январда падыша Виллем-Александрга жөнөтүлдү.

Учурдагы премьер-министр быйыл мартта өтчү парламенттик шайлоого чейин өкмөт башчынын милдетин аткарып турат.

Марк Рютте 2010-жылдан бери Нидерланддардын өкмөтүн жетектеп келет.

Бул убакытта үч жолу коалиция алмашты, бирок Рютте жетектеген Эркиндик жана демократия үчүн элдик партия көпчүлүктү түзүп келет. Акыркы жаңжалга карабастан, шайлоо алдындагы сурамжылоолордо бул партия алдыда келе жатат.

XS
SM
MD
LG