Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:07

Утрехттеги ок атуудан үч киши өлдү


Утрехт шаарынын кол салуу болгон аймагы, 18-март 2019-жыл.
Утрехт шаарынын кол салуу болгон аймагы, 18-март 2019-жыл.

Нидерланддын Утрехт шаарында куралчан адам трамвайдын ичинде жүргүнчүлөргө ок атып, андан кеминде үч кишинин өмүрү кыйылды. 18-марттагы бул окуядан бир нече саат өткөндөн кийин негизги шектүү колго түшүрүлдү.

Утрехт шаарындагы бул окуя дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча 10:45тер чамасында бир нече көчөнүн кесилишиндеги "24-октябрь аянтында" орун алган. Күбөлөрдүн айтымында, куралчан адам трамвайдын ичинде туш келди ок атып, андан соң из жашырып кеткен.

- Мен трамвайдын аркасында болчумун. Ал отургучтарда отурган адамдарды мээлей баштады. Кондуктор эшикти дароо ачкан жок. Жанымдагы эки жигит терезени тепкилеп ачышты. Мен да ошол жерден качып чыктым, - деп айтып берген NRC гезитине окуянын күбөлөрүнүн бири.

Утрехттин мэри Ян ван Занен билдиргендей, бул окуядан кеминде үч адам мерт болду. Беш киши жаракат алган.

Полиция шектүү катары Түркияда төрөлгөн 37 жаштагы Гөкмен Таныш аттуу адам изделип жатканын билдирип, анын трамвайдын көзөмөл камерасы тартып калган сүрөтүн "Твиттерге" жарыялаган.

Трамвайда ок чыгарды деп шектелип жаткан адамдын сүрөтү, 18-март 2019-жыл.
Трамвайда ок чыгарды деп шектелип жаткан адамдын сүрөтү, 18-март 2019-жыл.

Дүйшөмбү күнү кеч менен Утрехттин полициясы негизги шектүү кармалганын ырастады. Бирок ал кайда, кандай шартта кармалганы тууралуу толук маалымат бере элек.

Утрехтте жашаган түрк бизнесмени шектүү Гөкмен Таныш буга чейин Чеченстандагы согуштук аракеттерге катышканын, бир нече жыл мурда "Ислам мамлекети" террордук тобуна байланышы бар деген негиз менен кармалып, кайра кое берилгенин, Нидерланддагы түрк коомчулугу менен анчейин байланышта болбогонун Би-Би-Синин түрк кызматына айтып берген.

Бирок Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" жаңылыктар агенттиги өздөрүнүн журналисттери шектүүнүн жакындары менен сүйлөшкөнүн, ал үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам трамвайдагы жакын тууганына, андан соң аны токтотууну көздөгөн башка адамдарга ок атканын маалымдады. Азырынча Нидерланд бийлиги шектүү эмне максатты көздөгөнүн так айта элек. Иликтөөнүн алкагында террорчулук версиясы да каралып жатат.

- Бүгүн эртең менен Утрехттин бир нече аймагында ок атылды. Өзүңөр билгендей, биз террорчулук версиясын четке кага албайбыз, - деп билдирди Нидерланддын Террорчулукка каршы улуттук координатору Питер-Яп Алберсберг.

Коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Нидерланддын үчүнчү ири шаары саналган Утрехтте жана анын терегиндеги провинцияда теракт коркунучу эң жогорку деңгээлге көтөрүлгөн болчу. Шектүү колго түшкөндөн кийин бийлик коркунучтун деңгээли азайганын билдирди.

Утрехт шаарынын окуя болгон аймагы, 18-март 2019-жыл.
Утрехт шаарынын окуя болгон аймагы, 18-март 2019-жыл.

330 миңден ашык киши жашаган Утрехттеги кол салуудан кийин бийлик поезд жана трамвай каттамдарын убактылуу токтотууга аргасыз болду. Утрехттин башкы университети да бардык имараттарын жапканы, шаардагы негизги темир жол станциясына поезддердин киришине уруксат берилбей жатканы, ошондой эле бир катар мечиттер да убактылуу жабылганы кабарланган.

- Бейкүнө эл зомбулуктун курмандыгы болду. Жашоосу астын-үстүн боло түшкөн бул адамдардын жакындарынын кайгысын тең бөлүшөм, - деп билдирди Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте.​

Европада Франция, Британия жана Бельгиядан айырмаланып, Нидерланд соңку жылдары адам өлүмү менен коштолгон чабуулдардан оолак болуп келген.

Түндүк-батыш Европадагы бул өлкөнүн полициясы 2018-жылдын сентябрь айында Роттердамда чабуул уюштурууну көздөгөн деген шек менен жети кишини камакка алган. 21 жаштан 34 жашка чейинки бул шектүүлөрдүн арасындагы эки киши "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуу максатында өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылганы үчүн соттолгону аныкталган.

Утрехт шаарынын кол салуу болгон аймагы, 18-март 2019-жыл.
Утрехт шаарынын кол салуу болгон аймагы, 18-март 2019-жыл.

Ошол эле айда Ооганстандын бир жараны Амстердамдын борбордук темир жол бекетинде эки америкалыкты бычактаганы үчүн атып өлтүргөн.

Нидерланддын Утрехт шаарындагы соңку кол салуу Жаңы Зеландиянын Крайтсчерч шаарындагы эки мечитте 50 кишинин өмүрүн алган теракттан көп өтпөй орун алууда.

Бийлик бул кыргын боюнча экстремисттик көз карашты карманган 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррантка айып таккан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG