Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Жаңы Зеландия: мечиттерге коюлган чабуул


Чабуулда жаракат алган адамга тез жардам көрсөтүлүп жатат. Крайстчерч шаары. 15-март, 2019-жыл.
Чабуулда жаракат алган адамга тез жардам көрсөтүлүп жатат. Крайстчерч шаары. 15-март, 2019-жыл.

Жаңы Зеландиядагы эки мечитте болгон калабадан 49 киши өлүп, 20дан ашууну жаракат алды. Өлкөнүн премьер-министри окуяны «террордук чабуул» деп атады. 15-мартта болгон чабуулду айрым мусулман мамлекеттеринин лидерлери сынга алышты.

Чабуулдар Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» мечитине жана Линвуд шаарынын чет-жакасындагы мечитке коюлду. Бул маалда мечиттерде жума намазга чогулган 300дөй адам болгон. Курман болгондордун арасында мигранттар жана качкындар бар. Бул тууралуу Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн билдирди.

«Эми бул чабуулду террордук акт деп атай берсек болот. Биз билгенден ал абдан кылдат уюштурулган. Шектүүлөрдүн автоунааларына коюлган эки жардыруучу түзмөк табылып, иштен чыгарылды. Учурда чабуулга байланыштуу төрт киши кармалды. Алардын бирөө Австралияда төрөлгөнүн айтты. Мен бул адамдарды экстремисттик көз карашты кармангандар деп мүнөздөйт элем, аларга Жаңы Зеландияда жана бүткүл дүйнөдө орун жок», - деген премьер-министр өлкөдөгү коркунуч деңгээли жогорку чекке жеткенин кошумчалады.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн. 15-март, 2019-жыл.
Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн. 15-март, 2019-жыл.

Кармалгандардын бири австралиялык экенин Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон да ырастады.

«Аль-Нур» мечитинде болгон Ахмад аль-Махмуд аттуу күбө чабуул койгондордун арасынан тулгачан, чопкут калканчан ак жүздүү, сары чачтуу кишини айра таанып калганын айтып жатат.

«Колунда чоң автоматы бар эле... Кирип эле мечиттегилерди ой келди аткылай баштады» дейт ал. Махмуд башкалар менен кошо айнек эшиктен качып чыкканын кошумчалады.

Жаңы Зеландиядагы окуяны айрым мусулман мамлекеттердин лидерлери да айыпташты. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Батыш мамлекеттеринин бийлик өкүлдөрүн исламга жана мусулмандарга каршы күчөп бараткан расизмди оздуктоого чакырды:

«Мен Жаңы Зеландиядагы мечитке жума намазга чогулган мусулмандарга каршы жасалган чабуулду кескин айыптайм. Бул кол салуудан улам бир канча жылдан бери өрчүп баратканы байкалып, айрымдар тарабынан колдоого алынып келген исламофобия жеке чабуулдан ушундай калабанын деңгээлине жетти деген жыйынтык чыгарсак болот».

Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» мечити.
Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» мечити.

​Эрдогандын сөздөрүнө Пакистандын премьер-министри Имран Хан да кошулду. Ал «Твиттердеги» баракчасына «террордун дини болбойт» деп жазды.

Кийин белгилүү болгондой мечитте кол салуу башталганда ал жакка Бангладештин крикет боюнча курама командасы кирип бараткан экен. Оюнчулардын эч кимиси жарадар болбосо да нес болуп калганына байланыштуу жума күнгө пландалган алардын оюну жылдырылды.

Кооптуулук жагдайынан улам Жаңы Зеландиядагы бардык мечиттерди жаба туруу жөнүндө сунуш түштү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG