Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 08:14

Ташкент бейөкмөт уюмдарга жумшарды


Өзбекстандын туусу.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги бул жумада абактагы адамдардын укуктарын коргогон топ менен эл аралык «Боорукерлик корпусу» ("Mercy Corps") өкмөттүк эмес уюмдарын каттоодон өткөрдү.

Укук коргоочу Азам Фармонов буга чейин сегиз жолу кайрылып, бирок, ишмердүүлүгүнө уруксат берилбей келген «Укуктук таяныч» («Хукукий Таянч») уюму 9-мартта министрликте расмий каттоого алынганын «Азаттыктын» өзбек кызматына билдирген.

«Чынын айтканда, мындай болорун күткөн эмесмин. Таң калып турам. Биз эки жылдан бери каттоодон өтө албай келгенбиз»​.

Фармоновдун айтымында, «Укуктук таяныч» уюму Борбор Азияда түзөтүү абактарында жаткан адамдардын укугун коргоого көмөктөшөт. Уюмду жети адам түптөгөн, анын жүздөй жигердүү мүчөсү бар.

Азам Фармонов маркум өзбек президенти Ислам Каримовдун тушунда он жылдан ашуун абакта отуруп, 2017-жылы эркиндикке чыккан. 2000-2006-жылдары Өзбекстандын адам укуктары коомунун Сырдарыя облустук бөлүмүн жетектеген Фармонов «акча талап кылган» деп айыпталып, тогуз жарым жыл абакка кесилген. 2016-жылы жаза мөөнөтү аяктап калганда сот аны дагы беш жылга абакта калтырган.

Эл аралык уюмдар Фармоновдун анда абакка салынышын укук коргоочулук ишмердиги үчүн жазалоо, саясий куугунтук катары баалашкан.

Улуттар Уюмунун Кыйноолорго каршы комиссиясы 2013-жылы өзбек бийлигин укук коргоочуну абактан бошотууга чакырган.

Азам Фармонов өлкө башына Шавкат Мирзиёев келген бир жыл ичинде абактан бошотулган он төрт саясий туткундун бири. Буга чейин Мухаммад Бекжон, Мухаммадали Корабаев, Солиджон Абдурахманов, Бобомурод Раззаков, Ганихон Маматхонов, Агзам Тургунов жана башка көз карандысыз журналисттер, укук коргоочулар жана оппозициячыл активисттер эркиндикке чыккан.

10-мартта Өзбекстанда эл аралык "Mercy Corps" өкмөттүк эмес уюмунун ишмердүүлүгүнө уруксат берилгени маалым болгон. Бул уюм Өзбекстанда 1995-2006-жылдары иш жүргүзгөн. Кийин салык кызматынан кирешеси тууралуу маалыматты жашырганы боюнча айып тагылып, сотто утуп чыкканына карабай, Ташкенттеги бөлүмү жабылып калган.

Кыргызстандык укук коргоочу Төлөкан Исмаилова Өзбекстанда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү баалап, тилекке каршы өз өлкөсүндө демократияга коркунуч туулганын эске салды.

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

«Өзбекстанда мамлекеттик эмес уюмдар, HRW, "Mercy Corps" сыяктуу эл аралык өнөктөш уюмдар жакшы бир демилге менен колдоого алынып, элге жардам берип, жарандык коомду түптөөгө аракет болуп жатканы кубандырат. Жаңы бийлик мурдагы режимден кетип баратканын иш жүзүндө көрсөтүүдө. Албетте, көйгөйлөр да бар. Бирок, ошондо да стратегиялык багытта эркиндикке жол ачылып, Өзбекстанга жаңы донорлор, инвестициялар жана инновациялык чөйрө келип жатат. Кыргызстанда абал тескерисинче оорлошту. Парламентте мамлекеттик эмес уюмдарга каршы мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштап, күүлөп-күчтөп киргизип жатышат. Мурда Түркмөнстанда, Өзбекстанда бейөкмөт уюмдарга болгон мамлекеттик көзөмөлдү орнотууну көздөп турушат. 8-мартта аялдардын зомбулукка каршы маршы формалдуу эмес топтордун чабуулуна кабылды. Бирок, биз өкмөт жана укук коргоо институттары мындай формалдуу эмес кыймыл, топторду мыйзам чегинде жоопко тартат деп ишенебиз. Сот реформасы жүрүшү керек. Саясий туткундар менен оорулуу адамдар абактан чыгарылат деп үмүттөнөбүз»​.

«Mercy Corps» уюму 2020-жылдан 2025-жылга чейин коңшу мамлекеттеги балдардын тамагына байланыштуу долбоорду ишке ашырууну көздөп жатат. Аны АКШнын Айыл чарба министрлиги каржылайт. Баш кеңсеси Кошмо Штаттарда жайгашкан уюмдун башкы максаты - Өзбекстандагы шаардык жана айылдык тургундардын жашоо-шартын жакшыртуу үчүн мамлекеттик жана жеке менчик мекемелердин ортосундагы байланыштарды түзүү жана бекемдөө.

Москвадагы өзбекстандык укук коргоочу Бахром Хамроев Ташкенттин кадамдарын ашыра мактабай турууга чакырды:

"Мирзиёев​ Каримовдон идеалдуу эмес. Эл аралык уюмдарга эшик ачып жатканы, албетте, жакшы. Бирок бул жерде Мирзиёев​дин башкы максатын түшүнүш керек. ​Ал мунун баарын адам укуктарын, эркиндиктерин туу тутканы үчүн жасап жаткан жок. Биринчиден, бул эл аралык чөйрөдөгү өлкөнүн кызматташтык боюнча милдеттерине байланыштуу. Экинчиден, капитал, инвестиция тартуу аракети. Үчүнчүдөн, Ташкенттин азыр Москвадан оолак болуп, эл аралык чөйрөдө аброй күтүп, башка өнөктөштөрдү таап жатканы. Ошол эле кезде Мирзиёев Каримовдун тушунда бийликтеги экинчи адам болгонун эч качан эстен чыгарбоо керек".

Ал эми коңшу Казакстанда март айынын башында 11 жыл түрмөдө отурган Муктар Жакишевди сот шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарууну чечкен.

Жакишев 2009-жылы коррупцияга байланыштуу айыпталып, 14 жылга соттолгон. Укук коргоочулар муну Жакишевдин бозгундагы казак саясатчысы Мухтар Аблязовго каршы көрсөтмө бербей койгону үчүн жазалоо катары баалашкан. Нурсултан Назарбаевдин режиминин курмандыгы катары таанылган Жакишевдин шарттуу бошотулганын казакстандык саясат таануучулар ​бийликтин эл арасында күчөп турган нааразылык маанайды басуу аракети катары баалашкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG