Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Аблязов Астананын билдирүүсүн “дүрбөлөңгө түшүү” деп баалады


Мухтар Аблязов.
Мухтар Аблязов.

Президент Нурсултан Назарбаевдин чет өлкөдө жашаган негизги каршылашы жана мурдагы банкир, расмий Астана "кылмышкер" деп эсептеген Мухтар Аблязов Казакстандын Башкы прокуратурасынын соңку билдирүүсүнө “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу реакция жасады.

Билдирүүнүн өзүн ал “коркуу” жана “дүрбөлөңгө түшүү” деп атады.

Аблязов уюштурган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына быйыл мартта казак соту “экстремисттик” уюм катары тыюу салган.

"Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, Казакстандын Башкы прокуратурасы өлкө жарандарына “уруксат берилбеген митингдерге” катышууга болбой турганын эскерткен билдирүүнү бүгүн таратты.

Анда Башкы прокуратура Мухтар Аблязов жана анын жактоочулары Казакстандын жарандарын 2018-жылдын 23-июнунда митингдерге чыгууга социалдык түйүндөр аркылуу үндөгөнү белгиленген.

Башкы прокуратура ошондой эле Казакстандын мыйзамдары боюнча коомдук жыйындарды өткөрүш үчүн “жергиликтүү бийликтин уруксаты талап кылынары, бүгүнкү күнгө карата акимиаттарга 23-июндагы митингдер тууралуу арыздар түшпөгөнүн” да эскертет.

Быйыл 10-майда Алматы, Астана, Актөбө, Семей, Уральск шаарларында нааразылык акциялары өтүп, анын катышуучулары “саясий айыпкерлерди бошотууну, кыйноолорду токтотууну” талап кылышкан. Ал нааразылык акциялары кууп таркатылып, айрым катышуучулары кармалган. Ошол эле 10-май күнү Аблязов нааразылык акцияларын өзү уюштурганын айтып чыккан болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG