Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Башкы прокуратура Матраимовдун иши жабылганы туура экенин билдирди


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча чечимин изилдеп чыгып, аны жокко чыгарууга негиз жок деген бүтүмгө келди. Бул тууралуу 16-апрелде башкы көзөмөл мекемесинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, атайын кызматтын чечиминин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу текшерилди. Буга Матраимовдун кылмыш ишинин токтотулушу жөнүндө коомчулукта пайда болгон реакция себеп болгону айтылды.

УКМК Матраимовду кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча быйыл 18-февралда камакка алган. 15-апрелде далил табылбаганын билдирип, териштирүүнү токтоткон жана өзүн боштондукка чыгарган.

Ага чейин Матраимовго карата коррупцияга байланыштуу иш козголгон. 11-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айыппул чегерген.

Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айткан.

УКМК Матраимов өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG