Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

УКМК: Июнь окуясы боюнча иш кайра тергеле баштады


УКМК имараты.
УКМК имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө карата козголгон кылмыш ишин кайра тергей баштады. Атайын кызмат кайра тергөө президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча башталганын 16-апрелде билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал иш Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу.

УКМКнын өкүлү Назгүл Кыдыралиеванын айтымында, кылмыш иши Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген 304-беренесинин негизинде козголгон:

«2010-жылдын май-июнь айларында республиканын түштүгүндө трагедиялуу кесепеттерге алып келген себептердин бири болгон белгилүү Кадыржан Батыровдун республиканын чегинен тышкары тоскоолдуксуз мыйзамсыз чыгуусуна көмөктөшүү фактысы боюнча Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына каршы иш козголгон”.

УКМК Июнь окуясына алып келген себептерди жана шарттарды изилдеп, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн, ошол кездеги күч структураларынын жана облус жетекчилеринин аракетине «акыркы юридикалык баа берилерин» айтууда.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынын кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыгып, жүздөгөн адам каза болгон.

Батыров сыртынан соттолуп, анын мүлкү мамлекеттин пайдасына чегерилген. Ал өзүнө коюлган айыптарды маалымат каражаттары аркылуу четке кагып келген, 2018-жылы чет өлкөдө каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG