Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Польша үч орус дипломатын өлкөдөн чыгарат


Варшавадагы Орусиянын элчилиги.
Варшавадагы Орусиянын элчилиги.

Польшанын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Варшавадагы элчилигинин үч кызматкери "дипломатиялык макамды бузуп, улуттук коопсуздукка зыянын тийгизди" деп маалымдады. Мунун негизинде алар “персона нон-грата” катары жарыяланып, өлкөдөн чыгарыларын билдирди.

Бейшембиде Польшадагы орус элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылган. Анда Варшава АКШнын Орусияга салган жаңы санкцияларын колдой турганы расмий айтылган.

Ошол эле кезде Польшанын бийлиги Вашингтондун киберчабуулдардан улам Москвага койгон дооматына басым жасаган.

“Анын кесепети АКШга эле эмес, Европа мамлекеттерине дагы тийип жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин АКШ он орус дипломатын өлкөдөн чыгарарын жарыялаган. Ак үй "алардын көбү дипломатиялык макамга жамынып алган чалгынчылар" деп билдирген. АКШнын бул аракетин Британия баштаган бир катар мамлекеттер колдоп чыккан.

Кремль Польшанын соңку кадамын сындады жана аны АКШнын айныгыс “кол баласы” деп атады.

Варшава Евробиримдиктеги орус бийлигин жана саясатын байма-бай сындап келген өлкө катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG