Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:06

Франция менен Германиянын лидерлери Зеленский менен жолугат


Украина менен Орусиянын Франция жана Германия ортомчулук кылган сүйлөшүүлөрү.
Украина менен Орусиянын Франция жана Германия ортомчулук кылган сүйлөшүүлөрү.

Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон 16-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугат. Бул кездешүү орус-украин чек арасына жакын аймактарда Москва аскерлерин жайгаштырып, мындан улам жагдай курчуп жаткан маалга туш келди.

Макрон Зеленскийди Парижде тосуп алат, экөө Меркель менен видео аркылуу байланышат.

"Украинанын эгемендиги коркунучта. Ошондуктан биздин бардык иш-аракетибиз курч кырдаалды жөнгө салып, чыңалууну азайтууга багытталат", деп айтылат француз президентинин администрация тараткан маалыматта.

Зеленский Париж сапарынын алдында Франциянын, Германиянын, Украинанын жана Орусиянын башын кошкон "Норманд төрттүгү" форматтындагы саммиттин алкагында Москваны кепке келтирип, чыр-чатакты чечүү жолдору талкууланарын билдирген.

Орусия апрель айынан тартып Украина менен чек аралаш аймактарга жана Крым жарым аралына өз аскерлерин кошумча жайгаштырууда. Киев бул аймактарда жалпысынан 80 миңдей аскер бар экенин билдирген. Мындай абалга Украина жана бир катар Батыш мамлекеттери тынчсызданып, Орусия Донбасска өз күчтөрүн киргизүүгө даярданып жаткан болушу ыктымал деп кооптонушууда.

Орус бийлиги аскерлерин кайсы бир аймакка жайгаштыруу өзүнүн ички иши экенин айтып, аны артка кайтаруудан баш тартууда.

XS
SM
MD
LG