Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды


Бактыбек Аманбаев.
Бактыбек Аманбаев.

Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттардагы элчиси Болот Отунбаев кызматтан бошотулуп, анын ордуна Бактыбек Аманбаев дайындалды.

Президент Садыр Жапаров бул тууралуу жарлыктарга кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы 16-апрелде кабарлады.

Аманбаев 2013-2015-жылдары Кыргызстандын акыйкатчысы болуп иштеген. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон. Ошол жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин быйыл февралга чейин өкмөттүн аппаратын жетектеген.

Отунбаев элчилик кызматка 2019-жылдын январь айында дайындалган. (RK)

XS
SM
MD
LG