Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

АКШ Орусияга каршы санкциялык тизмесин кеңейтти


Вашингтондогу Орусиянын элчилиги. 16-апрель. 2021-жыл.
Вашингтондогу Орусиянын элчилиги. 16-апрель. 2021-жыл.

Вашингтон АКШдагы соңку шайлоого таасир этүүгө аракет кылып, кийлигишкени үчүн Орусиядагы 16 орусиялык аткаминер менен ишкерге жана 16 мекеме-уюмга санкция салды.

Президент Жо Байдендин жарлыгына ылайык, он орус дипломаты Кошмо Штаттарынан чыгарылат. Бул тууралуу Ак үй кабарлады.

“Голос Америки” сайты алардын арасында дипломаттык кол тийбестигин пайдаланган, Вашингтондогу орус элчилигинде иштеп жүрүп чалгынчылык менен алектенгендер аныкталганын жазды.

Мындан сырткары АКШнын Финансы министрлиги америкалык банктарга жана жеке тараптарга Орусиянын банктарынан, Финансы министрлигинен жана Бакубатчылык фондунан мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга тыюу салды. Андан сырткары алар менен алака-катыш түзүп, ссуда берүүгө да болбойт.

Президенттин жарлыгына ылайык, бул санкциялар 2021-жылдын 14-июнунан тарта күчүнө кирет.

"Кара тизмеге" илинген орусиялык компаниялардын көпчүлүгү жогорку маалымат технологиясы, инновациялык жана аскердик өндүрүшкө байланыштуу IT тармагында иш алып барат.

Москва буга чейин АКШны Орусиядагы компанияларды жана жеке адамдарды "кара тизмеге" киргизүүдөн карманууга чакырган. Ошондой эле Кремль буга жараша жооп кайтарарын эскерткен.

АКШнын Орусияга каршы жаңы санкцияларын анын Евробиримдик сыяктуу көпчүлүк өнөктөштөрү жана НАТОго мүчө башка мамлекеттер колдошкон.

XS
SM
MD
LG