Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

АКШ элчилиги гендердик зомбулукка каршы акцияда зомбулук көрсөткөндөрдү жазалоого чакырды


Айзада Канатбекова.
Айзада Канатбекова.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз бийлигин Бишкекте уурдалып өлтүрүлгөн кыздын таламын талашып Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына чыккан активисттерди коркутуп-үркүткөн адамдарды жоопко тартууга чакырды.

Элчилик 16-апрелдеги билдирүүсүндө маркум Айзада Канатбекованын жана ал сыяктуу гендердик зомбулуктун курмандыгы болгондордун жакындарына көңүл айтып, зордукчул мамиле жалпы коом үчүн коркунуч жараткан көрүнүш экенин белгиледи жана ИИМ алдындагы окуяга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Ошону менен катар элчилик президент Садыр Жапаровдун расмий өкүлүнүн адамдардын өз пикирин билдирүүсү башкаларга коркунуч жаратпагыдай, зомбулук көрсөтпөгүдөй болушу керектиги жөнүндө билдирүүсүн колдой турганын билдирип, Конституция кепилдеген укугу боюнча демонстрация уюштурган адамдарды коркутуп-үркүтүүгө жол берилбеши зарылдыгын белгиледи.

Билдирүүдө 2020-жылдын 8-мартында Бишкекте аялдардын укугу үчүн чыккандарга болгон кол салууга айыптуулар дагы эле жазасын ала электиги да айтылды.

Быйыл 5-апрелде Бишкекте Айзада Канатбекова аттуу кызды уурдап кетишкен. Анын сөөгү бир нече күндөн кийин табылган. Жарандык активисттер бул үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековду кызматтан алууну талап кылышкан. ИИМ кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында шаардык милициянын жетекчиси баш болгон кырктан ашуун кызматкерди жумуштан алган. 15-апрелде ИИМ алдында жарандык активисттердин министрдин иштен кетишин талап кылган экинчи акциясы өткөн. Айрыкча кыз-келиндер чогулган бул акцияга каршы дээрлик эркектерген турган дагы бир митинг уюштурулган. Алар кыз-келиндерди акция болуп жаткан жерден сүрүп чыгарышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG