Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Гонконгдо Жимми Лай баштаган демократиячыл активисттер соттолду


Жимми Лай. Гонконгдук миллиардер, Apple Daily басылмасынын ээси.
Жимми Лай. Гонконгдук миллиардер, Apple Daily басылмасынын ээси.

Гонконгдун соту 16-апрелде 2019-жылдагы Бээжин бийлигине каршы акцияларга катышканы үчүн оппозициячыл Apple Daily басылмасынын кожоюну, 73 жаштагы миллиардер Жимми Лайды 1,2 жылга эркинен ажыратты.

Анын оппозициячыл маанайдагы саясий ишмердигине байланыштуу экинчи ишинде сегиз айга камоого өкүм чыкты. Бирок сот бул эки ишти бириктирип, ага жалпысынан 14 ай жаза мөөнөтүн чегерди.

Лайдан сырткары буга чейин Бээжиндин аталган аймактагы катаал саясатына каршы нааразылык акцияларга катышканы үчүн кармалган бир нече жарандык активист, демократтардын укугун коргогон белгилүү тогуз адвокат соттолду.

Алардын арасынан 82 жаштагы адвокат Мартин Ли баш болгон төрт адвокат шарттуу жаза мөөнөтүнө кесилди. Судья алардын жаш курагы эске алганын белгиленди.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылган. Расмий Бээжинди өзгөчө макамдагы аймакка карата соңку чечимдерин, каршылык акцияларга чыккандардын камалышын Батыш өлкөлөрүн сындап келет.

XS
SM
MD
LG